Звукозапись: Биринчи радио: Коз карандысыз сотторду Кыргызстанга кантип алып келсе болот?

добавлен 13 марта 2012 15:31
просмотров 869

 

 

 

Бир жылга чукулдап келе жаткан соттор реформасында дагы деле көзгө көрүнөөрлүк жылыш жок. Башында эле туура эмес жолго салынган соттор, эми жарым жолдо ары же бери эмес болуп отуруп алгандай. Бүгүнкү күндө жарандык коом Кыргызстандагы бардык соттун тагдырын чечкен сотторду тандоо кенешинин айрым мүчөлөрүн алмаштыралы - деген сунушту берсе, сот реформасын ишке ашырып жаткан депутаттардын арасында сунушту мыйзамсыз деп четке каккандар бар. Ал арада сотторду канча алмаштырбайлы, баарыбир соттор бийликке кызмат кыла беришет деген сөздөр да айтылууда. Урматтуу замандаштар кантип көз карандысыз сотторду Кыргызстанга алып келсе болот? – Сереп уктуруусу бул суроого жооп издейт.

 

Былтыр Парламент Сотторду тандоо кеңешинин курамын толугу менен түзгөндө, Кыргызстанда сот реформасы түз жолдо, ачык-айкын реформа болот – деген үмүттүн шамы жагылган. Бирок, бул шам дагы деле күйүп турганы менен, айлана жарык бергени байкалбайт. Тандоо кеңешинде 24 киши экенин түшүнүктүү, а бирок, алардын курамында кир тарыхы бар же акча алып жүргөн адамдар да өтүп кеткени өкүндүрөт. Жөн сөз менен айтканда, мурдагы коррупционерлердин колуна- "Кыргызстандагы бүт сотторду тандагыла" деген укукту өткөрүп берүүдөбүз. Себеби сотторду тандоо кеңеши, бүт Кыргызстандагы сотторга баа берип, электен өткөрүүчү орган.

 

 Дагы бир өкүнүчтүү жери 24 адамдын арасындагы мурда пара алып жүргөн соттор, керек болсо азыркы депутаттардын кээ бирлеринен да мурда акча алып жүргөндөр экен. Муну эл өкүлдөрү өздөрү тастыкташууда. Депутат Жылдыз Жолдошева белгилегендей, азыр сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн бири судья Жамал Жусупова, маалында депутаттын бир тууганы инисинин кызы кырсыктап көз жумганда, аны сүзүп кеткен айдоочуну актап чыгарып койгон – дейт. Эми өлүмгө көз жумган соттор, кайра сотторду тандап отурганына каршы экенин билдирет.

 

 Айтор бул сыяктуу мисалдар 24 түн арасында көп. Болгондо да депутаттарга байланыштуу. А ким билет, азыр бул адамдар депутат болбой калганда, сотторду тандоо кенеши карапайым элдин айтканын көнүлгө албай эле иштей бермек? Себеби дагы бир депутат Гулнара Жамгырчиевадан 2009-жылы судья Дамир Базарбеков 15 миң сом акча ишти карап бериш үчүн сурагандыгын айтат.

 

Сотторду тандоо кенешинин арасында, башка өлкөнүн жараны да бар, ошондой эле жогорудагыдай фактыларга илинген, мындан башка кылмыш иши козголгон адамдар да мүчө болуп кеткен - деген сөздөр айтылууда. Айтор баш аягы саналып келип 8 судья болуп чыга келүүдө.

 

Албетте эми депутаттар кайрадан тиешелүү критерийлерге жооп бербеген кенештин мүчөлөрүн чакыртып алалы десе, аларда түз эле кызматтан алып салган мыйзам да жок. Андыктан депутат Токтогул Тумановдун айтымында, бир гана соттор кенешине кайрылып, тандоо кенешиндеги шектүү болуп жаткан 8 судьяга чечим кабыл алышы керек,- дейт.

 

Бирок, талаштын бардыгы ушу жерде жаралууда. Айрым депутаттар тандоо кеңешиндеги сотторду, соттор кеңешине бербешибиз керек, деп алардын көч башында депутат Садыр Жапаров чыга келүүдө.

 

Депутат Садыр Жапаровдун айтканына караганда, сотторду тандоо кеңеши өздөрү кир тарых-таржымалы бар адамдарды аныкташы керек. Бирок, карга карганын көзүн чукубайт деген кептей, акыр аягы паракор соттор Кыргызстандагы бардык сотту түзөбү? деген суроо жаралат. Ал эми соттор кеңеши да бүгүнкү күндө тандоо кеңешиндеги репутациясы төмөндөргө да чара колдонбой келет. Анда маселе ордунан жылбаса, жарандык коом альтернативдүү версияларды сунуштоодо.

 

Деген менен соттор өздөрү бүгүнкү күндө аларга тиешелүү мыйзамдар толук көз каранды кылбай жатканын айтышат. Акыр айланып келип бийликтин бир бутагына көз каранды болгон мыйзамдар гана иштелип чыга келүүдө - дейт Жогорку соттун төрайымы. Андыктан сот корпусун жаныдан алмаштырган учурда деле соттор бийликке көз каранды болуп жатканы айтылат. А бирок, бийликтен коркуп, күнүмдүк жашоону ойлогон соттор, маалында эмне үчүн “акыйкат болом” деп, эл алдында ант берди болду экен. Жана да ушундай сотторду тандап жаткан тандоо кенешинин курамында да кынтык болуп жүрбөсүн деген ой туулат.

 

С.Жумакадыров "Биринчи радио" Сереп

Система Orphus