Бугун олкобуздо укук коргоо органдары кандай ишти чечууго кудурети жетет?

добавлен 15 января 2018 12:51
просмотров 1579

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Москва районуна караштуу Предтеченка айыл өкмөтүнөн 76 жаштагы карыя келди.

2017 жылдын 27 сентябрда ал карыянын кызынын үйүнө урулар кирип маалын уурдашат. Кызы балдары менен жалгыз турганын билген балдар ачык эле ат менен келишиптир. Бирок ошол күнү кызынын үйүнө атасы келип, ууруга кирген балдардын бирөөсүнүн атын кармап алат. Айта турган нерсе, ал кыздын короосу төрт тараптан бекилген, мал жөнеле кирип кетүүгө мүмкүн эмес.

Эртеси күнү аттын ээси, менден бул атты жаш балдар сурап кетишкен, деп атын алып кетет. Жаш балдарды баары танышат, ошол эле айылдын балдары. Бирок, үйдүн ээсинин торпогун эч ким кайтарып берген эмес, анысы аз келгенсип, балдардын ата энелери дагы карыядан кечирим сураганга кудурети дагы, акылы дагы жеткен эмес, анткени азыр, акчага, бийлике таянган кишилер кечирим дегенди билишпейт. Карапайым эл эмне кыла алат, деп мыйзамды дагы тебелеп, адамкерчиликти унутуп, иманы жок болуп калганын баарыбыз көрүп турабыз. Ошого ачууланып карыя кызы менен милисага арыз жазат, бирок кылмыш иши козголгону менен азыр токтотулуп турат. Карыядан терөөчүнүн телефонун алып чалсам, иштин далили болбогондуктан токтотуп турабыз, дейт. Эмне далил керек эле, деген суроого, торпоктуу жетелеп кеткенин көрбөсө, маалды кармап алганын эле айтса, ал далил эмес дейт. Караңгыда кантип маал жетелегенин бирөө көрсүн, курчалган короого кантип бирөөнүн аты жөнеле кирип калсын, карыя ит үргөнүнөн чыгып калганы, атты кармап алганы болбосо таптаакыр бул иш жымжырт болмок экенда. Ошол атты кармап, ушундай болду деп көрсотүп турса дагы далил жок деген укук коргоо органдарыбыз бизге керекпи. Өздөрүнө керек учурда жөн турган кишини деле кылмышты мойнуна алдырып коюшкан милисалар азыр кызыкчылыктын аркасына түшүп алгандай көрүнөт. Дегеле кылмыш иш аягын чыгыш үчүн, тарап урууну колунан кармап барышы керекпи?

P.S. Ар бир жасаган ишибиз бизге кайра кайтып келет: милисага натыйжалуу же натыйжасыз жасаган иши, урууларга кылган кылмышы, үн катпай отурган ата-энелерине дагы кайрылып келет. Бир торпок тагдырды чечпейт, бирок өлкөнүн масштабында кылмышка барган адамдар жоопко тартылабы, же тескеринче укук коргоо органдарына жамынып ишин улантабы – бул чоң маселе.