2017-жыл 21-сентябрь Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 29 сентября 2017 14:52
просмотров 1211

 

 

2017-жылдын 21-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Байкоо учурунда судьялар М. Бекишева жана Н. Аматов окууга кетишкен.

Саат 1400  белгиленген судья А. Адимовдун төрагалыгындагы Кыргыз Республикасынын КЖКнин 313-беренеси менен айыпталуучу Х. М., П. Ш., Г.А., карата  кылмыш иши соттолуучулардын жактоочулары кечигип келип саат 14:18 башталды. Соттук процесс  сот залында өттү. Судья каралып жаткан ишти жарыялап, -“улантылат”, деди жана сот процессинин катышуучуларын аныктады. Андан кийин отунучтор суралды. Жабырлануучу жумуш издеп Кыргызстандан чыгып  кеткен.

Мурдагы болуп откон сот отурумунда 5 негизги куболорду чакыруу боюнча мамлекеттик айыптоочу отунуч келтирген жана ички иштер органы тарабынан мажбур иретинде алып келуу боюнча токтом чыккан, бирок эки кубо гана келип, калган куболор келген жок. Сот тарабынан чыгарылган сот актысы толук кандуу аткарылган эмес. Судья камсыз кылуу жагы начар экенин билдирди.

Сот отурумуна келген эки кубону сурап буткондон кийин, мамлекеттик айыптоочу калган негизги адамды таанытуу протоколу боюнча куболорду катыштырып берууну жана мажбур иретинде алып келуу токтомду кайрадан жонотууну сурады. Ал эми ишти кароо мооноту аяктап жаткандыктан кийинки сот отурумун эки кунго катары менен 26-27 сентябрь саат 9:30 белгиленди.