Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык соту

добавлен 30 августа 2017 17:58
просмотров 1453

 

 

Кызыл-Кыя шаардык сотунда 2017-жылдын 24-августунда байкоо жүргүзүлдү.

Саат 10.00го  белгиленген судья Н. Т. Аматовтун төрагалыгында  “жашы жете элек баланы энесине алуу” жөнүндө жарандык иш, тараптардын кечигип келгенине байланыштуу 10:20да башталды. Судья сот отурумунун сот залында өткөрдү. Судья каралып жаткан ишти жарыялап, улантылат деди жана сот процессинин катышуучуларын аныктады. Андан кийин өтүнүчтөр суралды. Жоопкердин ишенимдүү өкүлү, ушул ишке байланыштуу энелик укуктан ажыратуу жана камкордука алуу боюнча жоопкердин арызы Ош облусунун Ноокат райондук соттунда каралган, бирок доо арыз канаттандыруусуз калтырылган, кийин бул ишти кассациялык тартипте   Ош облустук сотунда каралып биринчи инстанциянын чечимди күчүндө калтырган, бирок жоопкер Эргешов кайрадан Жогорку сотко көзөмөл иретинде даттанганын билдирди. Ошого байланыштуу  убактылуу ишти токтотуп туруу боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтүн  көчүрмөсү мамлекеттик айыптоочу менен доогердин ишенимдүү өкүлдөрүнө берилди жана таанышып чыгуу үчүн убакыт бөлүндү. Доогердин ишенимдүү өкүлү, алар өтүнүч боюнча   каршы экенин, атайлап ишти создуруп жатышат деп судьядан  ишти карап берүүсүн сурашты. Мамлекеттик айыптоочу да өтүнүчкө макул эмес экенин билдирди, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы мыйзам чегинде соттун кароосуна калтырабыз деди. Судья Н. Аматов жашыруун бөлмөгө кетти. Бир аздан кийин келип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 216-беренесине таянып, өтүнүч канаттандырылат, ишти кароону токтотуп туруу боюнча чечимин угузду.