Талас шаардык сотунун судьясы Д. Суйналиевдин ишине байкоо ж?рг?з?лд?

добавлен 30 августа 2017 15:44
просмотров 1001

 

Талас шаардык сотунун судьясы Д. Суйналиевдин 2017-жылдын 7- августундагы жарандык ишти кароосу саат 10:00  коюлган. Каралуучу иштердин тизмеси илинген. Байкоочу сот залына эркин тоскоолдуксуз кирип, байкоо жүргүздү. Белгисиз себептерден  судья 20 мүнөт кечигип кирип ишти кароону баштады. Сот  отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жариялады.Тараптардын өздүктөрүн тактаган жок жана сот отурумдун курамын, баш тартуу, өз алдынча баш тартуу укуктарды жариялаган жок. Төрагалык кылуучу тараптардын укук- милдеттерин түшүндүрүүнүн кажети жоктугун айтты. Жоопкер тараптын сөзүн уккан соң,доогер тараптын ишенимдүү өкүлүнүн сөзүн укту.“Жоопкер тараптан дагы өтүнүч барбы деп” сурады.Жоопкер тарап карызын кайтаруу үчүн дагы мөөнөт берүүсүн суранды.Эки тараптын сөзүн уккан соң 10:38 мүнөт өткөндө кеңешүү бөлмөсүнө чыкты.11:00 мүнөт өткөндө кеңешүү бөлмөсүнөн келип, төрагалык кылуучу судья Д. Суйналиев жоопкердин турак жайынын баасын чыгаруу үчүн экспертизадан өтсүн деген чечим чыгарды.