Талас шаардык сотунун судьясы Д.Суйналиевге ишенбоочулук келтирилди

добавлен 13 июля 2017 14:17
просмотров 1208

 

 

Талас шаарынын сотунда карызды кыймылсыз мүлккө буруу тууралу жарандык иш каралды. Учурдагы  каралуучу иштердин тизмелери илинген эмес. Тараптарга ишти кароо саат 10:00 го деп повестка  берилген, бирок судья белгисиз себептерден улам сот залына 11:03до келип, сот отурумун ачык деп жарыялады. Катчынын иш боюнча келгендер тууралу докладын уккандан кийин, тараптардын өздүктөрүн жана өкүлдөрдүн ишеним каттарын тактап текшерди. Андан кийин сот отурумунун курамын жарыялап, катышуучулардан “сот курамына ишенесиздерби?” деп сурады. Жоопкердин эки өкүлү тең өз-өзүнчө, судья Д. Суйналиевге ишенбөөчүлүк көргөзүшүп, баш тартуу арыздарын келтиришти. Жоопкердин бир өкүлүнүн төрагалык кылуучудан баш тартуу арызы жаңы кабыл алынган ЖПК боюнча  жана орус тилинде жазылгандыгына байланыштуу, өзгөртүлүп жазылып сотко берилди. Судья бул баш тартуу боюнча кеңешүү бөлмөсүнө чыгып 30 мүнөттөн ашык убакытта кайра кирип жоопкерлердин судьядан баш тартуу арызы канааттандырууга жатпайт, негизсиз деген аныктамасын окуду. Андан кийин сот отуруму улантылат деп, иштин маңызы боюнча кароого өтүп доогердин өкүлүнө сөз берди. Доогердин өкүлүнө,  жоопкер жана анын  өкүлү суроо беришип жатып, тынышуу боюнча сунуштарды беришти. Жыйынтыгында сот отурумун башка күнгө жылдыруу муктаждыгы жаралып, судья ишти кароону 2017- жылдын 19-июль күнү саат 14:00 го белгиледи.