Видео: Онугуу банкы тузулот

добавлен 29 февраля 2012 18:01
просмотров 1331

 

 

 

Бишкек, 28-февраль 2012-жыл, КТРК

Өкмөт быйылкы жылга бюджеттин долбоорун талкуулап жатканда бюджетке түшө турган акчаларды өнүгүү иш-чараларына багытталат деп пландаштырган. Буга байланыштуу быйыл бюджеттин 50%ы социалдык секторго сарпталат.

Өмүрбек Бабанов Премьер-министр:

“Өкмөт «100 күндүк» программаны ишке ашыруу алкагында бир топ маселелерди аткарып жатат. «Бул программанын алкагында Өнүгүү институтун же Өнүгүү банкын түзүү маселеси каралган. Ага ылайык, жарандарды турак-жай (10-20-жылга ипотека берүү) менен камсыз кылуу, фермерлерге техникаларды лизинг аркылуу берүү жана заманбап өнөр жай техникаларын фермерлерге жана ишкерлерге насыя аркылуу берүү долбоору каралууда”.

Минималдык капиталы 300 млн долларды түзгөн өнүгүү банкына, Кыргыз-казак инвестициялык фонду түзүлүп, анын 100 млн доллары дагы бул институтту өнүктүрүүгө жумшалат. Баяндамачынын баамында өкмөттүн «100 күндүк» программасын ишке ашыруудагы каржылык тармакта Өнүгүү банкы жакшы институт болуп берет.

Темир Сариев, Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

«Бүгүнкү күндө экономиканы жандандыруу, узун жана арзан акчаларды өлкөгө алып келүү иретинде бул иш-чара каралууда. Бизге алдыга жылуу керек. Өкмөттүн «100 күндүк» программасын ишке ашырууда финансылык тармагында Өнүгүү банкы жакшы институт болуп берет”.

Өнүгүү банкы 100% мамлекеттик башкарууда болот. Аны ачык акционердик коом кылып түзүү каралууда. Банкта директорлор Кеңеши, башкаруу, тышкы аудитор жана риск-менеджер органдары түзүлөт. Директорлор кеңешин премьер-министр башкарсын деген сунуш каралып, кеңешке каржы жана экономика министрин киргизүү каралууда.

Темир Сариев, Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

“Бул Өнүгүү банкынын акчалай каражаттары улуттук долбоорлорду, ипотекалык насыялоо иш-чараларына жана лизинг ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында колдонулат. Банкта жыл сайын эл аралык аудит болот жана ал жөнүндө отчеттор ачык-айкын жарыяланып турат”.

Натыйжада өкмөт мүчөлөрү «Мамлекеттик өнүгүү банкын түзүү жөнүндө» өкмөттүн токтомун бир добуштан кабыл алышты. Өкмөт башчы кезегинде парламенттен тез аранын ичинде мыйзам долбоорун карап берүүнү өтүндү. Ал эми ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында көтөрүлүп жаткан лицензиялык-уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү маселеси да бир добуштан колдоо тапты.

Темир Сариев, Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

“ Азыр 543 лицензия болсо, анын 390у калат да, бара-бара бул лицензиялардын саны жарандардын жана өлкөнүн коопсуздугу боюнча багытталган 213 эң керектүү лицензиялар калат. Биринчи этапта 45 лицензияны кыскарттык, дагы 128 лицензия калды. Бардыгы болуп 173 лицензия кыскартылып жатат».

Ошондой эле өкмөт бүгүн 2012-жылды «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Баяндамачы белгилегендей, жарлыкты ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар каралды, эң негизги артыкчылык болуп улут аралык ынтымакты чындоо саналат.

Гүлнара Асымбекова, Вице-премьер-министр:

«Комплекстүү иш-чаралар 7 бөлүмдөн турат жана алгачкылардан болуп «Үй-бүлө жылынын» эмблемасын иштеп чыгуу, ар кандай кароо-сынактарды жана «Жаш жубайларды аныктоо», «Алтын үйлөнүү тою» сыяктуу конкурстарды уюштуруу каралууда. Мындан тышкары, ден соолукту чыңдоо максатында спорттук иш-чараларды уюштуруу пландаштырып жатат».

Кезегинде аймактарда жазгы талаачылык иштерге даярдык көрүү башталгандыгын белгилеген Өмүрбек Бабанов күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбосун үчүн жакында дыйкандарга арзан баада солярка таратылаарын айтты.

“Кээ бир дыйкандар жеңилдетилген баада күйүүчү май аларга жетпей калгандыгын айтышууда. Ортодо ортомчулар пайда болушуп, дыйкандарга бериле турган майды кымбат баада сатышууда. Экинчиден, дыйкандарга жардам берүү жөнүндө коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүлө. Бир жуманын ичинде сунуштарды күтөм”.

Өкмөт башчы губернаторлордон жазгы талаа иштерин өткөрүүгө кимге-канча күйүүчү май зарыл экендигин айыл чарба министрлигине билдирип, алар өз кезегинде ар бир облустун муктаждыгына жараша бөлүштүрүп берүүсүн талап кылды.

"Быйылкы жазгы айдап себүү иштерине өкмөт тарабынан берилчү 3,5 миң тонна күйүүчү- майлоочу майлар ар бир айылдагы дыйкандарга жеткирилип берилет. Жылдагыдай ортомчулардын пайда көрүп кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн, Өмүрбек Бабанов тиешелүү тараптарга катуу талапты койду. Ал эми күн тартибиндеги мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясы жөнүндөгү маселе, жабык эшик артында улантылды."

А. Омолдошова, Т. Сыдыгалиев, КБК.

Система Orphus