Талас облустук сотунда 29-майда откон процесс жонундо

добавлен 31 мая 2017 18:18
просмотров 1315

 

 

2017- жылдын 29 - майында  Талас облустук сотунунда  график боюнча саат 11:00  коюлган процесске  мониторинг жургузулду . Сот отуруму өз убагында башталды. Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы  курамында: төрагалык кылуучу Боромбаев М. И., судьялар Тункатаров Ө. А., Жумагулова Ж. Т.   карызды өндүрүү жөнүндө  экономикалык ишти карады.

Байкоочу сот отурумунун залына эркин кирип, угуучу катары катышты. Төрагалык кылуучу Боромбаев М. И. сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Андан кийин доогердин жана жоопкердин өкүлдөрүнүн өкүлдүгүн  жана өздүгүн тастыктоочу документтерин текшерди. Төрагалык кылуучу сот отурумунун курамын жарыялап “соттук коллегиядан баш тартуу жокпу?” деп сурады. Андан кийин төрагалык кылуучу доогердин жана жоопкердин өкүлдөрүнүн укук – милдеттерин түшүндүрдү. Тараптардын соттук териштирүүнүн алдында өтүнүчтөрүн сурап, өкүлдөргө иш боюнча сөз берди. Төрагалык кылуучу жоопкердин өкүлүнүн сот отурумуна даярданбай келгендигин белгилеп, саат 16:00 го чейин тыныгуу жарыялады.