Кылмыш жолу менен берилген жер аянты мыйзамдуу болобу?

добавлен 19 мая 2017 18:40
просмотров 2715

 

 

Ноокат райондук прокуратурасы сотко арыз менен кайрылып, анда 2003-жылдын 23- мартындагы И. Абдуллаевге турак-жай куруу учун 1800,0 кв. м. жер аянты менчигине бекитилип берилсин деген мазмунда Ноокат районуна караштуу Т. Зулпуев айыл окмоту тарабынан №89 токтом чыгарылып, бирок токтомго ошол кездеги айыл окмоттун кол тамгасы коюлбагандыгын, аталган токтомдун негизинде Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2008-жылдын 9-апрелинде Ч №141748 мамлекеттик актысы берилгенин, ал эми 2003-жылдын 23-майындагы №89 Т. Зулпуев айыл окмотунун тургундарынын жашап жаткан турак-жайларын жана жер тилкелерин озуно мыйзам чегинде менчиктештируу жонундогу токтомунда Н. Абдуллаевге жер аянты берилгендигин, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2013-жылдын 10-сентябрындагы берген маалыматы боюнча 2003-жылдын 23-мартында №89 токтом чыкпагандыгын, 2013- жылдын 17-сентябрындагы Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл округунун башчысы С. Мурзакулов Т. Зулпуев айыл окмотунун Калдай айылындагы бекеттин ордундагы 0,2 соток жер аянты Мамасакова Караматтын жери экендигин, ал эми 2003-жылдын 23-мартындагы Т. Зулпуев айыл окмотунун №89 токтомунун моору болгону менен айыл окмотунун мурдагы башчысы Мурзаматовдун кол тамгасы жок, №89 токтомдо корсотулгон 0,18 га жер аянтын Абдуллаев Нурали мыйзамсыз ээлеп алгандыгын жана ашыкча жер аянтын айыл окмотко кайтарып беруу жонундо кат жолдогондугун корсоткон.

Ошондой эле, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан текшеруу жургузулуп, жыйынтыгында Т. Зулпуев айыл окмотундо 2002-2005-жылдары жоопту катчы болуп иштеген Эргешов Курсанали Абсатарович Т. Зулпуев айыл окмотунун 2003-жылдын 3-майындагы расмий токтомго жасалма маалыматтарды киргизуу менен Н. Абдуллаевдин 1800,0 кв. м. жери бар деп корсотуп, май айын март айы деп ондоо киргизип, жыйынтыгында Н. Абдуллаевге таандык болгон 0,08 га жер тилкесинен тышкары 0,10 га жер тилкесин менчик ээсинин эркине карабастан, аны алмаштыруу максатында бекитип койгондугун, КРнын ЖПКнын 28- беренесинин 1-болугунун 11-пунктуна ылайык эскируу мооноту отуп кеткендиктен кылмыш иш козгоодон баш тартылгандыгын, мындан сырткары, жер аянтын менчикке берууден мурда мыйзамга тиииштуу коз карандысыз жер баалоочу аркылуу бааланбаганын жана конкурска же аукционго коюлбастан туруп, мыйзамсыз менчикке берилип жиберилгенин, бир эле жер тилкесин торт токтом менен бир турдуу укук бекитилгендигин корсотуп, Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл окмотунун 2003-жылдын 23-мартындагы №89 токтомун, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан чыгарылган 2008-жылдын 9-апрелиндеги сериясы Ч № 141748 мамлекеттик актысын жараксыз деп табууну сураган.

1-     айлануу.

Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечими менен Ноокат райондук прокуратурасынын арызы толугу менен канааттандырылып, Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл окмотунун 2003-жылдын 23-мартындагы №89 токтому чыгарылган кундон тартып жараксыз деп табылган.Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо департаменти тарабынан 2008-жылдын 9-апрелиндеги сериясы Ч № 141748 мамлекеттик актысы берилген кундон тартып жараксыз деп табылган. Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл окмотунун эсебинен 1000 сом мамлекеттик алым, 154 сом почтальтк чыгым, Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо департаментинин эсебинен 1000 сом мамлекеттик алым, 154 сом почталык чыгым мамлекеттик бюджеттин пайдасына ондурулгон (торагалык кылган: Матраимов Н. Т.).

Ош облустук сотунун адмннистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечими толугу менен бузулуп, Ноокат райондук прокуратурасынын Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл окмотунун 2003-жылдын 23- мартындагы №89 токтомун, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан чыгарылган 2008-жылдын 9-апрелиндеги сериясы Ч №141748 мамлекеттик актысы жараксыз деп табуу жонундогу арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун адмннистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: терагалык кылуучу Базаралиева А.М., судьялар: Аранбаев П.М., Мухамеджанов А.Ж., соттун ачык отурумунда келтирилген козомол даттанууларын карап: Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечими жана Ош облустук сотунун адмннистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 4-ноябрындагы токтому бузулсун, иш кайра кароого Ош облусунун райондор аралык сотуна жиберилсин деген токотом кылды.

2-     айлануу.

Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 19 октябрь чечими менен Ноокат райондук прокуратурасынын арызы канааттандырылсын, Ноокат
районунун Т. Зулпуев айыл окмотунун 2003-жылдын 23-мартындагы №89 токтому 
чыгарылган кундон тартып жараксыз деп табылган.

Ош облустук сотунун адмннистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 3-мартындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын октябрындагы чечими бузулуп,  иш кайра кароого ошол эле сотко жиберилип, кассациялык даттануу канааттандырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына козомол иретинде Ош облустук прокуратурасы сунуш менен кайрылды: Ош облустук административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 3 -мартындагы токтому негизсиз жана мыйзамсыз болгондуктан бузуп, Ош облустук райондор аралык сотунун 2016-жылдын 19- октябрындагы чечимин кучундо калтырууну сунуштады.

22 майда 2017 ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясында соттун отурумунда каралат жана бул соотуна мониторинг жургузуп жыйынтыгын сиздерге айтып беребиз.