Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жургузуу уланууда

добавлен 12 мая 2017 14:17
просмотров 1081

 

 

2017-жылдын 11- май күнү Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Судьялардын каралуучу иштердин тизмеси илинген.

Судья А. Адимов окууга кеткен. Саат 1000  белгиленген судья Н. Т. Аматовтун төрагалыгындагы кылмыш иши өз  убагында башталды. Сот отурумун өз кабинетинде өткөрдү. Байкоочу эркин кирди. Судья соттук отурумду ачык деп жарыялап,  жатак абак мекемесинде жазасын өтуп жаткан 5 жаранга карата “Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу ” жөнүндөгү иш каралып жатканын жарыялады, сот процессинин катышуучуларын аныктады. Ишенбөөчүлүк жокпу деп сурады. Андан кийин соттук териштируу башталды. Жаза аткаруу мекемесинен келген өкүлгө сөз берилди. Ар бир соттолуучу боюнча кезеги менен баяндама берип, мөөнөтүнөн мурда бошотууну сунуш кылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу да өз оюн суроолорун берип турду. Баяндама бүткөндөн кийин, ар бир соттолуучуну бирден чакырып, соттон эмнени сурайсыңар деп алардын сөзүн укту.

Саат 1050 дө судья өзүнчө бөлмөгө бөлүндү. Бул процесс боюнча токтом жазып, чечим чыгарууга көп убакыт кетээрин айтып, саат 16-1700 гө жакын келишин билдирди. Саат 1700 дө токтомду угузду. 2 жаран боюнча сунуш катаатандырылды, 3 жаран боюнча сунуш катаатандыруусуз калтырылды.