3- майда Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 04 мая 2017 11:12
просмотров 1263

 

 

2017-жылдын 3-май куну Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду. Судьялар Ажиматов А. жана Тажибаев И. окуудан келип, жумуш орундарында каралуучу иштердин тизмесин даярдап жатышыптыр, ошондуктан илинген эмес. Ал эми судьялар Ж. Момбаевдин жана Ж. Алимбекованын кароосундагы иштердин тизмеси илинген. Саат 10:30 белгиленген  торага Ж. Момбаевдин  кароосундагы КРнын КЖКнин  164-беренеси  менен айыпталган М. С. карата кылмыш иши оз убагында башталды. Байкоочу сот залына эркин кирди. Сот отурумун судья сот залында откорду. Каралып жаткан ишти жарыялап, келген катышуучуларды таныштырууну катчыдан сурады. Катчы жоопкер белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди. Соттолуучу адвокат алуудан баш тарткан, анын себебин сурап, укук милдеттерин тушундурду. Мамлекеттик айыптоочу болгон иш боюнча баяндама жасады жана жабырлануучуну чакыртуу боюнча отунуч келтирди. Судья отунучту канааттандырып 10- май саат 10:00 го  процессти калтырды.

Ушул эле куну саат 14:00 го коюлган судья Ж. Алимбекованын кароосундагы КРнын КЖКнин 281-беренеси  менен А. Ж. карата кылмыш ишин кароо башталды. Сот отурумун  судья озунун кабинетинде откорду.  Байкоочу сот процессине катышарын айтып, кабинетке кирди. Судья каралып жаткан ишти жарыялап, катышуучуларды аныктады.  Соттолуучу адвокатынын келе албай турганын билдирип, ишти башка кунго калтырып беруусун сурап арыз менен кайрылды. Сот отуруму 12-май саат 10:30 калтырылды.