Талас облусунун Манас райондук сотунда соттук отурум ачылбай туруп, башка кунго которулду

добавлен 17 апреля 2017 13:31
просмотров 1325

 

 

2017- жылдын 11- апрелинде Манас райондук сотуна байкоо жүргүзүү учурунда төрага окууга кеткени белгилүү болду. Судья В.К.Айдаралиеванын кароосундагы соттук иштердин тизмеси илинген эмес. Судья В.К.Айдаралиеванын катчысынын айтымында судьянын 11- апрельге саат 14:00 го жарандык иши коюлган.  Саат  14:05 де соттук отурумдун катышуучулары: эки адам 2 жаш баласы менен келип судьянын чакыртуусун күтүп коридордо олтурушту. Ошондой эле Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлүнүн келгени да белгилүү болду. Саат 14:10 до катчы коридорго чыгып күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу соттук отурум 12-апрель саат 15:00 го жылдырылганын катышуучуларга угузду. Байкоочу тактап сураганда үй-бүлө кодексинин 129, 130 беренелери боюнча иш каралып жатканын жана күбөлөрдун келүүсү абзел экенин билдиришти.