Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 12 апреля 2017 10:10
просмотров 1504

 

 

      2017-жылдын 6-апрель куну Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду. Соттун имаратына киргенде эле ар кандай  укуктук маалыматтар, улгулор, судьялардын иш тартиби жонундогу маалыматтары бар, дубалга илинген стендер козго тушот. Байкоо жургузулгон учурда эки судьялар А. Ажиматов жана И. Тажибаевдин окууга кеткени маалым болду. Судьялар Ж. Момбаевдин жана Ж. Алимбекованын кароосундагы иштердин тизмеси илинген.       

     Саат 9:00 го белгиленген  cудья  Ж. Алимбекованын кароосундагы никени  ажыратуу жонундогу жарандык иш саат 9:30 да башталды. Себеби доогер кечигип келди. Сот отурумун судья оз кабинетинде откорду. Каралып жаткан ишти жарыялап, келген катышуучуларды таныштырууну катчыдан сурады. Катчы жоопкер белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди. Доогер жоопкердин Россия Федерациясынын жарандыгын алып, учурда ошол жакта жашап жаткандыгын билдирди. Бул боюнча эч кандай документ жок болгондуктан тактоо учун жана экинчи тараптын да ажырашууга макулдугу болуш керек, анын катышуусуз же болбосо, нотариус менен ишендирилген макулдугун берген документ болгондо гана ишти чечип берерин айтып тушундурду жана 13-апрель саат 11:00 го калтырылды. Ушул эле судьянын кийинки саат 9:30 га белгиленген карызды жокко чыгаруу жонундогу жарандык иш,  тараптар келбей, кийинкиге калтырылды. Кадамжай райондук сотунун торагасы Ж. Момбаевдин кароосундагы саат 10:00, 10:20 белгиленген жарандык иштери каралган  жок. Себеби тараптар келген жок.