Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 09 февраля 2017 10:36
просмотров 1416

 

 

2017-  жылдын  6 -  февраль  куну  Кадамжай  райондук  сотуна байкоо  жургузулду.  Ондоп  тузоо  иштери  дагы  деле  улантылып  жатыптыр,  имараттын  сыртына  дубалга  чон  герб  менен  желек  орнотулган.  Сот  имараты  эки  кабаттан  турат,  бирок  кабинет жетишсиз,  жардамчылары  менен  бир  кабинетте  отурушат.  Коридордо  керектуу  маалыматтар  жана  отурумдарынын  белгиленген иштеринин  тизмеси  (расписание) атайын  стендке   илинген. 9-январьда откон байкодоо иштердин тизмеси илинген эмес.   Судья  Ж. Алимбекованын  жана судья  У. Ажиматовдун  торагалыгындагы  каралуучу  иштердин  тизмеси  февраль  айы  учун  бир  айлык  болуп  илинген.  Торага  Ж. Момбаевдин  ондурушундогу  соттук  кароого  дайындалган  иштердин  тизмеси  6-9-февралга чейин бир жумалык илинген, бирок убактысы корсотулгон эмес. Ал  эми  И. Тажибаевдин  торагалыгындагы  иштердин  тизмеси  жаныланган  эмес, байкоочунун эскертуусунон кийин илип коюшту. Судья Ж. Алимбекованын 6-февралга 5 иши карала турган болсо, алардын бешоонун тен убактысы 10:00 го бир саатка коюлган, кайсы тараптар биринчи келсе карала бере турганын  айтышты.  Копчулук  судьялар  сот  отурумунун  убактысына  маани  бере  беришпейт жана бул сот отурумунун оз убагында башталбай тургандыгынын  себеп  болот.

            2017- жылдын  6 -  февраль  куну  2  сот  отурумуна  байкоо  жургузулду.  Торага  Ж. Момбаевдин  торагалыгында  кылмыш  иши  каралды.  Саат  10:00 го белгиленген  сот  отуруму  (убактысы  коридорго  илинген  тизмеде корсотулгон  эмес)   конвой  менен  соттолуучу  кечигип  келгенине байланыштуу  бир  саатан  кийин  11:00 до  башталды.  Сот  отурумунун  журуу тартиби сакталды бирок жабырлануучу келбей ушул эле кунго саат 14:00 го калтырылды.  Сот  отуруму  14:00  до  улантылды,  соттук  териштируу аяктап,  жарыш  созго  убакыт  келгенде  мамлекеттик  айыптоочу  10  минут танапис сурады, бирок танапис 10 минут эмес 40 минутко созулду, ал эми зал суук  болуп,  келген  адамдар  айласыздан  кутуп  отурууга  туура  келди.  Сот процесси 9-февраль саат 10:30 га калтырылды. Андан кийин эле ушул куну саат 11:00 го белгиленген И. Тажибаевдин торагалыгындагы  кылмыш  иши  каралды.  Соттук  процессинин  тартиби сакталды.  Айыпталуучунун  адвокаты  отунуч  келтирип,  кайрадан комиссиялык  экспертиза  дайындап  беруусун  сурап,  соттук  процесс  2017-жылдын 8-февралына саат 10:00 го калтырылды.