Оз укугунду коргоп, оз мулкунду сактап, оз уйунду мыйзам чегинде кайтарып алуу учун 8 жыл кун карытуу шартпы?

добавлен 02 февраля 2017 12:40
просмотров 3057

 

 

Коомдук анализ кабылдамасына   Осмонкулова Алмажан Каниметовна аттуу жаран келип,  2008 жылдан бери өз үйүнө өзү ээ боло албай, 8 жылдан бери укук коргоо органдарынын эшигин каккылап, маркум жолдошу экоо тургузган короо жайдан, аталаш туугандарын чыгара албай, укугу тебеленип , сот процессине көз карандысыз  байкоочу катары катышып  берүүбуздү суранды. Осмонкулова Алмажан Каниметовнанын кайрылуусу боюнча: ал - жазуучу Мурза Гапаровдун жесири. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Нойгут айылына маркум жолдошу экөө 1971-1975 жылдары уй салышкан жана бала чакасы менен ошол уйдо түтүн булатышкан. Кийинчерээк, уй бүлөөлүк жана жумуш шартына байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келишкен. Ар жылы, жумуш эргүүсүнө жана каникулга чыккан сайын айылга барып убактылуу жашап келип турушкан. Бирок үйдүн ачкычы жолдошунун атасында калчу. Бош турган үйгө кийинчерээк жолдошунун атасы энелеш бир тууганы Эшматов А., кийирип койгон. 2002 жылы жолдошу каза болгондон сон, Эшматов А., айыл башчы менен сүйлөшүп, (15. 2002) токтом чыгартып алган. Бирок, ал токтом жасалма болгондугуна байланыштуу, прокуратура тарабынан мыйзамсыз деп табылып  Эшматов А., КР КЖК 166 беренесине ылайык, күнөөлүү деп табылган. Ошол  жагдайдан кийин Осмонкулова А.,  үйдү  мыйзамдаштырууга откон. (20 июнь 2008 жылы Ноокат райондук сотунун чечими менен Гапаров Азиз Мурзаевич жогорудагы аталган үйдүн мураскору деп табылган). 24 июль 2008 жылы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан Гапаров А.М. укугун каттаган Мамлекетттик акт берилген.

21 август 2008 жылы тартуу келишиминин негизинде Гапаров Азизден
Осмонкулова Алмажанга уй белекке берилген. 4 октябрь 2008 жылы
мамлекеттик каттоо башкармалыгынан аталган уй Осмонкулова Алмажанга катталган.
15 октябрь 2008 жылы Ноокат райондук сотунун чечими менен
№5-05-04-1002-0113 идентификациялык коддогу турак жайын жоопкер
Эшматов А., уй-булоо мучолору менен биргеликте башка турак жай бербестен чыгарылган.
16 октября 2008 г. Осмонкулова А., үйдү 2 ачкычка кулптап, Бишкекке келе берген.
Бирок, 2009 жылы Эшматов А., үй бүлөөсү менен, кулптанган эшикти
бузуп, кайра ал үйгө кирип жашап алышкан.

2009 жылдан баштап, Эшматов Абдыгапар сотко жогоруда аталган келишимдерди бузуп беруусун отунуп, бир нече жыл бою Осмонкулова Алмажанды моралдык жана материалдык чыгымга салганын тушундуруп берди. Эшматов Абдыгыпардын айтымы боюнча ал уйду Эшматов Абдыгыпардын атасы салган. Ошондой  жалган доо менен  уйду бошотпой  ээлеп алган. Эшматов А. айтымы боюнча- Осмонкулова Алмажандын эч кандай документи жок,  Ноокат райондук прокурорго «мени жогору жактан жиберди менин арызымды карап Эшматовтун үстүнөн иш козгоп бергиле» деп Ноокат райондук прокурору Турдумаматовго келип арызданган мезгилде прокурор ишти толук текшербестен  каршылык жазып Эшматовтун токтомун жокко чыгарып, Кара-Таш айылдык окмотуно жиберген мезгилде Кара-Таш айылдык окмоту озунун токтомун жокко чыгарып 2002-жылы дуйно салган  М. Гапаровго 2007 -жылы жер берилсин жана укугу катталсын деген токтом чыгарып бергенден кийин ошол токтом менен Ноокат райондук сотуна келип 20-июнь 2008-жылы чыгарган чечиминин негизинде Гапаров Азиз мураскор деп укугун каттатып алгандыгын, Жогорку соттун 2-март 2009-жылдагы токтому менен Ноокат райондук сотунун 20-июнь 2008-жылы чыгарган чечими бузулуп Ноокат райондук сотко жиберилип, Ноокат райондук соттон, Ош шаардык сотуна жиберилип, Ош шаардык соту ишти кыймылсыз калтырганын, азыркы учурда КР Жогорку соттунун токтому жана
Ош шаардык соттунун аныктамасы күчүндө турганына карабастан Осмонкулова Алмажан Жогорку соттун токтому менен бузулуп калган мурдагы кагталган документин корсотуп даттанын жатканын, талаш болгон турак-жайда башка 5жан жашап, аталган 14 сотых жерин пайдаланып келе жатышканын, балдардын ичинде балакатка жете электери 2 жан экенин, алардын укуктарын коргоо учун Ноокат райондук социалдык онугуу башкармалыгынын алдындагы балдарды жана уй булоону коргоо болумунун адистери катыштырбай караганын, ошондой эле, даттануучу Осмонкулова Алмажандын атындагы документтердин негизи Жогорку соттунун токтому менен бузулуп, жараксыз болгондуктан, Ноокат райондук сотунда арыз ээси Эшматов Абдикаримдин атынан аткарууну буруу жонундогу жарандык иш бар экенин керсотуп, Ноокат райондук соттунун 12- июль 2016-жылы чыгарган чечими мыйзамды бузуу жолу менен ишке прокурорду, балдардын укуктарын коргоо болумунун адистерин жана жоопкер -бизди катыштырбастан, бир жактуу шашылыш турдо карап кабыл алгандыктан,
чечимди алып салып, жарандык ишти кароосуз калтырып берууну суранганып жургонун баса белгиледи.

Осмонкулов Алмажандын пенсиясы, баардык дарамет күчү ушул
үйдү кайтарып алууга кетип жатканын айтып, президентке да кайрылуу
жасаганын  белгиледи.

Иштин сонунда, акыркы соттук чечимдердин корутундусу боюнча 2016 жылдын 12 июлунда  Ноокат райондук сотунун торагалык кылуучу - Омуралиев Бакытбек Эмилбекович карап, Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагына караштуу Нойгут айылында жайгашкан Осмонкулова Алмажан Каниметовнанын №5-05-04-1002-0113 идентификациялык коддогу турак  жайынан жоопкер Эшматов А., үй бүлөө мүчөлөрү менен биргеликте башка турак жай берилбестен чыгарылсын деген чечим кабыл алынган. Ош облустук сотунун чечими боюнча : 3 октябрь 2016 жылы Ноокат райондук сотунун 12-июль 2016-жылдагы  чечими озгортуусуз калтырылсын. Эшматов А., апелляциялык  арызы канааттандыруусуз калтырылсын мазмундагы чечим кабыл алынган. Жыгылган курошко тойбойт сынары, Эшматов А., козомол даттануу менен Жогорку сотко кайрылган. 1 февраль 2017 жылы КР Жогорку сот отурумуна байкоо жургузулду. Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын  курамында Уметалиева Г.Д., Батыралиев Б.Б.,  Калиева К.У.,  Саат 11:00 белгиленген сот отуруму 11: 30 башталды. Буга мурунку сот отурумунун  кечирээк аяктагандыгы себеп болду. Сот залына кирууго эч кандай тоскоолдук болгон жок. Байкоочу озун тааныштырып , эркин кирди. Соттук  коллегия соттук отурумун ачык деп жарыялап, кайсыл иш каралып жатканын жарыялады. Процецесске катышкан тараптардын сотко келгенин аныктап, алардын укук-милдеттерин тушундуруп берди. Эшматов А., сот процессине келген жок. Окулу соттук коллегиядан иш башка сотто каралып жаткандыгына байланыштуу,  башка кунго жылдыруу отунучун келтирди. Осмонкулова Алмажан каршылык келтирди. Соттук
коллегия доогердин  окулунун отунучун канааттандыруусуз калтырды.
Жоопкер Осмонкулова А., соттук коллегиядан Ноокат райондук сотунун жана Ош областык сотунун чечимдерин кучуно калтырып беруусун суранды.
Соттук коллегия кенешме болмого кетишип, 10 минут убакыттайын келип, тараптарга чечимди угузду. «Ноокат райондук 12 июль 2016  жылдагы чечими  жана  Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын  3 октябрь 2016 жылдагы  аныктамасы кучундо калтырылсын.  А.Эшматовдун козомол арызы канааттандыруусуз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт».

 

P.S. Сот процессинин отурумундагы кызыктуу корунуш томонку болду:  Доогер Эшматов  А., окулу  Осмонкулова Алмажанга официалдуу эмес турдоо кайрылып,  талаштакы уйду башка кишиге сатпай, Эшматов А.,  сатуусун отунуп жаткан суранычын билдирди. Демек, 8 жылдан бери Осмонкулова Алмажандын убактын, акча каражатын  максатсыз текке кетирип, тартип сактоочу, укук коргоочу, сот органдарынын  кызматтык убактын  дайынсыз убаракерчиликке жумшатып жургондорун  доогерлер моюнуна алышат.  Тан калыштуусу, билип туруп, эмнеге умут кылып  журушту деген суроо жаралат. Мындай жагдайларга жооп берчуу беренелер каралбаган, башкача айтканда, алдын ала иш жыйынтыгын билсе да, кээ бир тараптар, убакыт откоруп, иштин созулушуна шарт тузушот. Соттун чечимине карабай, озум билемдик менен уйдун кулпун бузуп киргени учун, кылмыш иши козголгон жана  эмнегедир жасалган иш коомдук коркунучту жоготконуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Ошентип, жазасыздык  ушул иш боюнча, 8 жыл талаштакы уйдо ижара акысын толобой отурганды пайда кылды. Болгону мамлекеттик пошлина 700 сом гана толоп коюшат. Же болбосо максат убактылуу болсо да акысыз жашап калуубу???