Куноосуз адамды кантип айыпка жыгып жана эркиндигинен ажыратса болот?

добавлен 01 февраля 2017 13:44
просмотров 3208

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Озгон районуна караштуу Чангет айылынын ардактуу тургуну, ошол айылдын И. Жумабаев атындагы орто мектептин экс директору Каратаев Базарали мырза кайрылды. Бир жарым жылдын ичинде бир сом мамлекеттен жебей туруп 6 жылга соттолуп кеттим, 400 мин сомго айыпталып, мугалимдик жумуштан бошотулуп, тунку убакта кочого журбоого жана эл топтошкон жайларга барбоого милдеттендирилип калдым,  дейт.

Иштин манызы:

2014 жылдын 21 майында Б. Каратаев  Орто мектептин директору болуп туруп, Чангет айыл окмотунун кассасынан 18000 сомго кол коюп берип, колуна 8000 сом акчаны мектепке, штамп, моор, вывеска, лозунг жана мектептин алдына шагыл токтуром, деп алган. Калган 10000 сомду кассада акча болгондо беребиз, деп убада беришкен, кийин ушул иш боюнча тергоодо, ооба деп моюндарына алып Башкы эсепчи Мамытов Мирлан 10000 сомду банкка толоп берген.

8000 сомдун кетирген чыгымдардын бут квитанциялары бар.

2014 жылдын куз мезгилинде Чангет айыл окмотуно жаны Т. Эшиев атту глава шайланып,  айыл окмот аппаратынын баарын райондук прокуратурага арыз менен кайрылат. Ушул ишти Ош облустук прокуратура тергеп 9 адамга кылмыш ишин козгоду (айыл окмот башчысы, 2 салык кызматкер, МЧС бир адиси, ВУС адиси, соцадиси, финансы-экономикалык болумдун башчысы кассир), алардын арасында мектептин директору дагы бар, баягы кол койгон 18000 сом боюнча. Тергоо убагында 9 кылмыш иш козголгон адамдан 3 эле сотко жетишти (айыл окмоттун финансы-экономикалык болумдун башчысы,  кассир жана мектептин директору), калганы прокуратуранын «мыктылыгынан» бул иштен бошоп кетишти. Атын айтса куту суйунот деген созго ылайык прокурордун ысымын атап кетели: Ош облусунун прокуратурасынын тергоочусу Тынчтык Кенжебаев, азыр «мыкты» иштегенине байланыштуу, Аксы районуна прокурор болуп кетиптир.

Сот териштирунун жыйынтыгы:

16.12.2015 жылы Ош облусунун Озгон райондук сотунда Козуев А. торагалык кылып бул ишти карап соттолгондордун баарына 400 мин сомдон айып салып (башкалардын кунолорун бул жерде айтпай эле коелу, сот ар  биринин кылмышын озунчо карашы керек болчу) жана 6 жылга шарттуу турдо кесилсин, деп окум  чыгарат.

04.03.2016 жылы  Ош облустук сотунда соттук коллегия курамында: торага А. Кубатов, судьялар А. Абдылдаев жана М. Токтомушев бул ишти апелляция тартибинде карап, Озгон райондук соттун окумун озгортусуз калтырылсын, деп чечишет.

10.08.2016 жылы Ош облусунун Озгон райондук сотунда судья Н. Артыкова ушул коюлган 400 мин сом айып толонбогондугу каралып, айып толоо мооноту 6 айга узартылсын деп, токтом чыгарат.

04.10.2016 жылы КР Жогорку сотунда соттук коллегия курамында: торага К. Бокоев, судьялар Б. Бактыгулов жана А. Акыев бул ишти козомол ирээтинде карап 1 соттук инстанциянын жана областык сот инстанциясынын чечимин озгортуусуз, кучундо калтырылсын, деп токтом кылышат.

Ошентип 1 сом жебей ичпей, бюджеттик каражатка  эч кандай жоопкерчиликти тартпай турган  кызматты ээлегенине карабастан мектеп директору Каратаев 6 жылга шарттуу турдо эркиндигинен ажырап, 400 мин сом айып пулга жыгылып, жана кочого кечинде басканга жана эл топтошкон жайларга тыюу салынып жана ээлеген кызматынан бошотулду.

Айыл окмоттун каражатына жооп берген Айыл окмоттун башчысы жана Агайдай болуп кассадан кол коюп акча алган башка 5 айыл окмоттун адистери, прокурордун «кен пейилдигинен» кылмыш иши женил желпи кыскартылып кеткен.

24.01.2017 жылы Озгон райондук соттук аткаруучулар кызматтык болумунон Б. Каратаевке эскертуу келет. Эгер коюлган 400 мин сом айыпты 10 кундун ичинде толобосонор  эркинен ажыратуу жонундогу жазасына алмаштырылышы корсотулунот, деп.

Ошентип, бюджеттин каражатын БИР СОМ урдабаган Агай эркинен ажыратуунун алдында турат.

P.S. Куноолуу эмес адамды ушинтип соттоп коюшса, анда жайнаган прокурорлордун жана соттордун кыргыз элине эмне кереги бар???