Видео: Рейдерлик басып алуу соттор менен байланыштуубу?

добавлен 14 февраля 2012 17:33
просмотров 1277

 

 

 

 

“Рейдерлик”- деген эмне жана бул маселени чечкен соттор ким? Мына ушул суроону Коомдук каналдын мааламат борборунда өткөн басма сөз жыйында сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин өкүлдөрү кабыргасынан коюшту. Баш мыйзамда "жеке менчик укугу корголот" деп бакыйта жазылганы менен, соттор эбин таап илме-кайып чечим чыгаруусунун натыйжасында, бирөөнүн мүлкү өңгөнүн колуна өтүп жаткандыгын айтышат.

Рита Карасартова, сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору:

“Эки революцияда басып алуучулук болуп, андан эч ким сабак албаптыр.Биздин кеңешке рейдерликке туш болгон ишкерлер көп кайрылды.”

Ал тургай жарандык коомдун өкүлдөрү соттун чечими менен бизнесинен кол жууп калгандарды тизмектеп алышкан. Анткени алардын коомдук кабылдамасына Баш мыйзамдын, кылмыш-процессуалдык кодексинин укуктук-ченемдик нормаларын бузган соттордун ишине нааразы болуп даттангандар көр кайрылган.

Сабыржан Мамбетов, сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасынын юристи:

“Свердлов райондук сотунун судьясы Базаралиеванын атына даттануу түшкөн. Мындан тышкары “Бишкек ликёр-арак заводунун” акционери Базакеевден арыз түшкөн. Ал - Бишкек шаардык сотунун Базаркулов, Джузенова, Дубанбаевадан турган соттук коллегиясынын чечиминин негизинде бизнесинен ажыраган 1200 акционердин бири. Ушундай эле соттун чечими менен бизнесинен ажыраган кайрылуулар бизде өтө көп. Бул жерден мындай суроо туулат - соттордун бир тараптуу мамилеси басып алуучулук аракеттерге жол берип жаткан жокпу?”

Ушундай эле өңүттөгү даттануу менен "Соода-каржылык электротехникалык” компаниянын директору кайрылган. Свердлов райондук соту экономикалык дагы бир талаш ишти анын каршылашынын пайдасына чечип, директорду 33 миллион сомдон ашык акчага жыккан чечим чыгарган. Ал ушул чечимге нааразы.

Данияр Байысбеков, «ТФЭК» ишканасынын директору:

“Оппонентибиз документтерди уурдап алгандыгы боюнча кылмыш иши козголгонуна карабастан, ошол документтин негизинде кайра бизди айыпка жыккан чечим чыгарып койду.”

Мына ушул айтылгандардан улам соттордун бир тараптуу мамилеси басып алуучулукка жол берип жатабы деген суроо туулат. Фемида өкүлдөрүнөн буга жооп ала алган жокпуз. Свердлов райондук соту убакытты созуп, тигиге чал, буга чал деп отуруп, акыр аягы интервью берүүдөн баш тартышты.

Г. Касымбекова, Н. Асанов, КБК

Система Orphus