15 жашар кыздын олуму боюнча 1 жылдан узак журуп жаткан тергоо иши дагы канча уланат?

добавлен 21 июня 2016 17:20
просмотров 1818

 

 

2015-жылдын 23-июнда жаӊы конуштардын биринде кородо жайгашкан даараткананын ичинде 15 жашар кыздын денеси табылган. Ал коӊшу үйдө жашаган 2000-жылы туулган Алмазбек к Ы. болуп чыккан. Ошол күнү, ал кызды кошуна  эжекеси биздикине жатсынчы, деп сурап кеткен экен. Ал үйдө көп квартиранттар турушчу.

Эртеси күнү кыздын денеси дааратканадан табылып, анын жансыз денесин экспертизага алып кеткенден кийин, ошол  даараткананы тергөөчүнүн уруксаты менен демонтаж (талкалап, көмүп) кылып салышкан.

Кийин экспертизанын негизинде, дааратканага түшкөндө кыз тирүү болгондугу аныкталган, анткени өпкөсүнө чейин боктор киргенин  жазышкан (өлгөн дене салынса, ичи таза болмок экен).

Ырыскүлдүн бул жашоо менен кош айтышканына 1 жыл болду, бирок эч кандай тергөөнүн жыйынтыгы болбогону ата-энесин өкүндүрөт. Ошол замат тергөөнү баштаган тергөөчү Умаров Адилет Адинаевич эч кандай тергөө экспериментин жасабай туруп, сурөткө тартпай туруп даараткананы сындыра бергиле, деп уруксат берип, эми кыз өзүү түшүп кеткен, дегенге баратат окшойт. Ɵзү даратканага түшүп кете турган болсо, кыздын тапичкеси, бир сөйкөсү сыртта кантип калып калмак эле. Уюлдук телефону кантип үй ээсинде болуп калганы, Ырыскүлдүн апасын тынч койбой, кайра кайра суроо коюп ойлондура берет. Кызды экспертизага алып барып келгенче, бир квартирант үй-бүлөсүн алып квартирадан чыгып кеткенине карабастан – ал бул ишке тийиштиги бар катары каралбагандыгы, көп суроо жаратат.

Ырыскүлдүн апасы кайсы кана эшикти какпай,  кызынын өлүмүнө ким күнөөлү деген суроого жооп таппай келет. Окуядан 1 жыл өттү, андан бери 3  тергөөчү алмашты. Татынакай кызды тирүлөй дааратканага таштап өлтүрүшсө. Жасаган ишке күнөөлү, деп эчким таанылбаса – бизге ушундай тергөө керекпи?

Ушул иш боюнча эмне жасалды жана кандай тыянака келип жатканын, жыйынтыгы кандай болгонун жарыялайбыз.