Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «www.sot.kg» сайтына маалыматтарды жарыялоо боюнча алдыда

добавлен 20 мая 2016 13:32
просмотров 2161

 

 

2016-жылдын март айында «www.sot.kg» сайтына сот актылары жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча рейтингдик көрсөткүчү 71,87 % болуп Биринчи май райондук соту мыкты болду. Кийинки позицияны көрсөткүчү 59,13 % болуп Свердлов райондук соту ээледи, алдыда кетип бара жаткандардын үчүнчү катарында Октябрь райондук соту 56,02 % көрсөткүчү менен ээледи. 2016-жылдын февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту лидер деп таанылган.

Мониторингди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көмөктөшүүсүндө “Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” жүргүзүүдө. Фонд коомчулуктун ушул маалыматка жетүүсүн кеңейтүү максатында Свердлов, Биринчи май, Октябрь, Ленин райондук пилоттук сотторунун жана Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун маалыматтарына байкоо жүргүзөт. Демилге USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда ишке ашырылууда.

Мониторинг www.sot.kg сайтына жарыяланган сот иштери, жыйналыштары жана актылары жөнүндө статистикалык маалыматтарды топтоону, соттордун адистеринен маалыматтарды алууну, ошондой эле мониторингдин жыйынтыгы боюнча судьялар менен соттордун рейтингдик көрсөткүчүн чыгарууну камтыйт.

Судьялардын арасынан коомчулук үчүн сот актыларынын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындуулугу, маалымдуулугу жана жеткиликтүүлүгү принциптерин ишке ашырууга өтө умтулганы Свердлов жана Биринчи май райондук сотторунун судьялары болду. Алгачкы ондукка өтө жогору рейтингди көрсөткөн төмөнкү судьялар кирди:

 

№         Соттун аталышы                        Аты-жөнү                                  Рейтинги

1    Свердлов райондук соту           Шин Галина Алексеевна                        89,10%

2   Биринчи май райондук соту   Калыбаев Алмаз Жээнкулович                     87,56%

3   Свердлов райондук соту       Турдукожоев Доолотбек Тентемишевич         86,36%

4   Ленин райондук соту              Жумабаева Жылдыз Кабыловна                85,85%

5   Биринчи май райондук соту   Термечиков Мирлан Арстанбекович             85,04%

6   Биринчи май райондук соту    Субанкулов Адылбек Анарбекович             81,81%

7   Биринчи май райондук соту     Боромбаев Абдуразак Эсентаевич             80,88%

8   Биринчи май райондук соту       Каипов Эмилбек Осконбаевич                74,04%

9   Ленин райондук соту                   Осмонов Феликс Ой-Талбекович          72,91%

10  Свердлов райондук соту            Смаилова Асел Асылбековна                  71,83%

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айында долбоордун демилгечилери коомчулук үчүн сот актыларынын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу принцибин ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сотторду, судьяларды жана алардын жардамчыларын ардак грамоталар менен сыйлоону пландаштырууда.