“Sot.kg” Интернет ресурс сайтына сот актыларын жарыялоо процессин ишке ашыруу механизмин жонокойлутуу боюнча маселелер талкууланды

добавлен 19 мая 2016 09:08
просмотров 1505

 

 

2016-жылдын 11-майында “Плаза” отелинде “sot.kg” сайтына сот актыларын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу механизмин жөнгө алуучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун сунуштамаларын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көмөктөшүүсүндө “Коомдук талдоо жүргүзүү институту” КФсы менен бирдикте “Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Жумушчу топ бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунуш кылды жана сот актыларын жарыялоо боюнча толук нускаманы иштеп чыкты. Иштелип чыккан документтер азыркы учурдагы татаал жол-жобонун ордуна Интернет ресурска сот актыларын жайгаштыруу процессин ишке ашыруунун кыйла жөнөкөй механизмин карайт. Бул иш USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда жүргүзүлүүдө.

 

Иш-чарага КР Судьялар кеңешинин төрагасы К.К. Джунушпаев, КР Жогорку сотунун судьясы
К.Т. Осмоналиев, Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Г.Ш. Есеналиева, райондук соттордун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Адвокаттар кеңешинин, ЖОЖдордун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун катышуучулары иш категорияларынын градациясы маселелери, сот актыларын жарыялоо мөөнөттөрү жана жарыялоо процесси үчүн судьялар менен судьялардын жардамчыларынын жоопкерчилигин бөлүштүрүү боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна сунуштамалар сот актыларын төмөнкүдөй градацияга ылайык иштин категориясына карай бөлүштүрүү боюнча сунуштарды камтыйт:

 

  1. Сот актылары жарыяланбай турган иштердин категорияларынын тизмеси,
  2. Сот актылары де-персонификацияланбастан (толугу менен) жарыялана турган иштердин категорияларынын тизмеси,
  3. Толук де-персонификациялоо менен (документтен сот процессине катышуучулардын жеке маалыматтарын алып салуу) жарыялана турган иштердин категорияларынын тизмеси.

 

“Sot.kg” Интернет ресурсуна сот актыларын жарыялоо тартиби жөнүндө” нускаманын долбоору де-персонификациялоонун критерийлеринин кыскартылган тизмесин жана маалыматты жарыялоо процессинин жөнөкөйлөтүлгөн тартибин карайт, ал коомдук талкуулоолордун жыйынтыктарын эске алуу менен жеткире иштелип чыгат жана бекитүү үчүн КР Жогорку сотуна берилет. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна сунуштамалар КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине карап чыгуу үчүн берилди.