Ош шаарынын прокурорунун чуулган иштерине Башкы прокурордун унчукпаганы эмнеде?

добавлен 13 апреля 2016 10:03
просмотров 1694

 

 

Сот реформасын көзөмөлдө боюнча Жарандык кеңешке Ош шаардык территориалдык адвокатурасынын адвокаттары кайрылды, анткени алар бир айдан бери Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Атайдын адвокаттарга  жасаган ишине  юридикалык баа берүүсүн жана шумуштан кетирүүсүн Башкы прокурордон жана Өкмөттөн, Президенттен  талап кылып келишкен.

Адвокаттардын айтуусу боюнча Ош шаарында мыйзамсыз кылмыш иштер козголуп, аны жетектеген Шакир уулу Атай болуп жатканын айтып беришти. Бул иштер боюнча далилдери дагы бар жана сот териштүүрүсү экинчи апелляциялык сотто аяктап калганын айтышты. Бирок, прокуратура жагынан кысымга алынган соттор (коллегиянын 2 сотуна мурун  кылмыш иш козголуп, араң жабылган ишин кайра козгойбуз, деп коркутушкан) бизге ишеним көрсөтпөйбүз деп отүнүч келтүрүнү прокурордон суранган. Соттук коллегия бүт тарапты угуп бүтүп, жарыш сөздү аяктап, репликаларды угуп  кеңешме бөлмөсүнө кетип, чечим чыгаргандын ордуна кайра чыгып бул процесс  башка күнгө жылдырылды деп процессти аякташкан жок. Прокурор баягы сүйлөшү боюнча эки сотко ишенбестик жарыялап өтүнүч келтирди. Өтүнүчтү соттор дароо канаттандырып эми процесс башка составда качан болоорун белгисиз.

Ушундай атайын жасалма иштер толуп кеткенине байланыштуу,  Ош шаардык территориалдык адвокатурасынын адвокаттары Ош шаарынын прокуронун жумуштан кетүүсүн талап кылып митинг өткөрүштүү.

Адвокаттар Башкы прокурорго 16 мартта эле кат жүзүндө арыз кайрылуу жиберишкен катты бул жерден окуугула. Тилеке кааршы эч кандай жооп жок. Тескеринче адвокаттарга катуу кысым көрсөтүлүп баштаганын адвокаттар айтышты.

P.S.  Бул теманы биз сөзсүз улайбыз анткени Ош прокурорунун чуулган мыйзамсыз иштери көп экен.  Адвокаттар аларды акырындап алып келеерин убада кылышты.