Бишкек шаардык сотторунун кызматкерлери сот актыларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерин изилдеп чыгышты

добавлен 24 марта 2016 16:53
просмотров 982

 

 

“Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте www.sot.kg Интернет-ресурсунда сот актыларын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча презентациялардын сериясын өткөрдү. Катышуучулар мониторинг жүргүзүүнүн принциптери, методдору, циклдери жана этаптары менен таанышып чыгышты. Алар ошондой эле маалыматтын сапатын арттыруунун жана сайтка жайгаштыруу мөөнөтүнүн сакталышынын жана ырааттуулугунун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Ушул методиканы 10 судья жана судьялардын 73 жардамчысы, Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотун, Бишкек шаарынын Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондук сотторун кошо алганда, 5 жергиликтүү пилоттук соттун сот жыйналышынын катчылары үйрөнүштү. Пресс-релиз бул жерде.