Судьяларды окутуу Борборунда жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жургузуу усулу боюнча семинар отуудо

добавлен 14 мая 2014 16:58
просмотров 1526

 

 

Бүгүн, 2014-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана сот системасын бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛО Программасы менен биргиликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу» боюнча семинар өткөрүүдө.

Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары жана жергиликтүү соттору болуп, жалпысынан 22 судьянын катышуусунда өтүүдө. 

Семинардын  тренерлери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отставкадагы судьялары Максутова Кульджамал Есенгуловна, Эралиева Расия Идирисовна, Гутниченко Лариса Викторовна жана Бишкек шаардык сотунун отставкадагы судьясы Давлетбаева Мадина Акрамовна. Семинардын модератору - USAID/ИДЛОнун Кыргызстандагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын улук кеӊешчиси Айбек Давлетов. 

Семинарды куттуктоо сөздөрү менен судьяларды окутуу Борборунун секторунун башчысы Оморова Майрам Карыпжановна жанаЮСАИД/ИДЛОнун Кыргызстандагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын аймактык директору Фред Хьюстон ачышты.

Семинардын программасы боюнча эксперттик топтун «Жазык жана жарандык иштер боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча» презентациялары тартууланууда.