Соттор жер менен байланышкан мыйзамсыз иштерди токтото алабы???

добавлен 29 октября 2013 18:05
просмотров 2227

 

 

Жер маселелер деги укуктук жолго түшүп мыйзам чегинде чечилеби? Бул суроону далай кишилер берип келет. Ошондой окуялардын бири Талас облусунун Кара Буура айыл өкмөтүнүн 71,7 га ФПС жери бүгүнкү күндө же ары, же бери чечилбей турганы анык.

Иштин маңызы:

1999 жылы Кара Буура райондук мамлекеттик администрациянын токтому менен Кара Буура айыл өкмөтүнө карашту 242 га ФПС жерин Кара Бууранын үрөнчүлүк дыйкан чарбасына берилсин, деп токтом кылат. Бул чарба бүт керектүү документтерди мамлекеттик каттодон алып койгон. Токтом бул жерде.

2001 жылы эки жыл иштебей туруп бул үрөнчүлүк дыйкан чарба кудуретсиз «банкрот» болуп табылат. Чечим бул жерде.

2002 жылы Карабуура райондук мамлекеттик администрациясы жер кайра мамлекетке кайтарылсын, деп чечим чыгарат. Бирок кудуретсиздикти аныктаган атайынадминистратор сотко кайрылып Райондук администрациянын токтомун сот аркылу жокко чыгарат.

Бирок 2002 жылы айыл чарбанын жетекчилери кудуретсиздикти аныктаган атайынадминистратор менен тынчтык келишим бекитип, кудуретсиз деп табылган чарбанын жетекчиси бүт активи жана милдеттемелери менен өзунө алган. Аныктама бул жерде.

2005 жылы Кара Буура айыл өкмөтү Талас район аралык сотко ушул чатак жердин мамлекеттик актын жана жер берилсин деген токтомду жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышат.

2005 жылы 19 апрельде чарба өз ыктыяры менен бул жердин бөлүгүн кайра мамлекетке өткүрүлүп берилсин деп, келишим түзүшөт. Келишимдер бул жерде.

2005 жылы 20 апрельде сот бул териштирүүнү кароодон баш тартат. Аныктама бул жерде.

Бирок мамлекетке өткөрүлүп берилген жер менен кайра кайтарып берген жердин айырмасы жанагы чатак 71,7 га жер үрөнчүлүк дыйкан чарбага калып калган. Мамлекетик актка өзгөртү киргизилет, ошентип чарбага бул жер бекилип калган болуп калат.

2012 жылы Кара Буура айыл өкмөтү Талас район аралык сотко ушул 71,7 га  чатак жердин мамлекеттик актын жана жер берилсин деген токтомду жокко чыгаруу жөнүндө кайра арыз менен кайрылышат.

13.02.2012 жылы Талас район аралык сотунун судьясы А.Бекмурзаев  айыл өкмөтү ФПС жерине доо арыз келтиргенеге укугу жок, деген негиз менен ишти кароосуз калтырган. Аныктама бул жерде.

28.02.2012 жылы Талас облустук соту: М.Ибраимов торага, судьялар Т. Бердикеев жана А. Момуналиев курамында бул ишти апелляция иретинде карап Талас район аралык сотунун чечимин жокко чыгарып, кайра ошол эле сотко кароого жиберет. Аныктама бул жерде.

12.06.2012 жылы Жогорку сотто: Д. Арстанбаева торага, сульялар Д.Максимбекова жана К. Осмоналиев курамында карап Талас облустук сотунун чечимин күчүндө калтырып беришет. Токтом бул жерде.

Талас район аралык сотунда бир кана судья иш алып барат, ал мурда караганына байланыштуу бул иш Чүй район аралык сотуна кароого келет.

18.01.2013 жылы Чүй район аралык сотунда судья А. Курманов бул ишти кароодон баш тартат. Аныктамасы бул жерде.

04.04.2013 жылы Чүй облустук  сотунда бул ишти карап Чүй район аралык сотунун аныктамасын жокко чыгарып кайра кароого ошол эле сотко кайра жиберилет. Аныктама бул жерде.

05.08.2013 жылы Чүй район аралык сотунда судья Ш. Осмонова бул ишти карап, бул 2001 жылы чыккан мамлекеттик акт жокко чыксын деген ишти Талас район аралык сотунда каралып жаткан иш бүткөнчө токтото турулсун деп аныктама чыгарды. Аныктамасы бул жерде.

Эмнеси кызык 2001 жылда чыккан мамлекеттик актыны жокко чыгаруу маселени кароону токтоткон себеби, силер мурун ушул маселе менен кайрылгансынар (20.04.2005 жылдагы соттук териштирүүгө шилтеме кылган, а ошондон бир күн муурда, бул жерди кайтарып берем деген келишим түзүп, чарбанын жетекчиси соттук кароону токтотушкан). Эми ошол кароого шылтап, соттор ишти кароодон баш тартып жатат.

09.10.2013 жылы бул иш Чуй облустук сотко: Ж.Курманбаев торага, судьялар Д.Турумбекова жана А. Чекирова курамында карап Чүй район аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

P.S. Эми Кара Буура айыл аймагы ишти көзөмөл иретинде даттанып чечип албаса, ушинтип мамлекеттин жери максаттуу пайдаланбай жеке менчике өтүп кете береби?