Сот системасын реформалоого жарандык коом киришет

добавлен 13 января 2012 19:07
просмотров 895

 

 

 Бишкек, 12 января  2012 г. (ОТРК). Сот системасын өз алдынча кылып реформалоодо бийлик алсыз болуп жатат. Мындай пикирин сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөлөрү Коомдук каналда өткөн басма сөз жыйыныда  билдирди. Алар сот тармагын жакшыртуу аракетин көрүп, соттордун акыйкат иштөөсүнө жол ачуу үчүн жарандык коомду кызматташууга чакырат.

Учурда жарандык кеңеш - аларга кайрылгандарга сот учурунда алардын укуктарын айтып, керектүү кеп-кеңеш берет. Мындан тышкары, адилетсиз чечим чыгарган соттордун ишин карап чыгып, кетирилген катачылыктар боюнча кат түрүндө Сотторду тандоо кеңешине жана Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетине жөнөтөт.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин кабылдамасына соттордун туура эмес чыгарган чечимдерине нааразы болгондор көп кайрылат. Акыркы алты айда бул жарандык кеңешке 274 жаран кайрылса , алардын 152си тийиштүү документтери менен келген. 

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Жанабил Давлетбаев: “Бизге кайрылгандарга соттун жүрүшүндө алар кандай укуктарга ээ экендиги туурасында  жана башка кеңештерди беребиз. Бир адамга сот каршы чечим чыгарса, биз ал адамды толук колдой албайбыз, биз ал адамдын укугун гана сактайбыз. Эгер сот адилетсиз чечим чыгарган болсо, аны адистер изилдеп чыгып, туура эмес чечим боюнча  кат түрүндө арызды Сотторду тандоо кеңешине жөнөтөт.”

Жарандык кеңештин кабылдамасына адилетсиз сот чечимине нааразы болгон Самира Башүкүрөва да бүгүн кайрылган.

Бишкек шаарынын тургуну Самира Башүкүрөва:  “Мен да соттун адилетсиздигине кабылдым, мында акыйкаттыкты таап беришсе деп келдим. Коомчулуктун сот системасына ишеними жоголду, мында иштегендерди колдоо менен биз соттордун адилтесиздигине бөгөт койсок болот деп ишенем.”

Сот системасын реформалоо иштери азыр дээрлик токтоп турат, бул боюнча маселени депутаттар жаңы жылдык эс алуудан кийин колго алууну көздөгөн, бирок кирише элек. Реформанын кармалып жаткандыгынын себептеринин бири, - айрым бийлик мүчөлөрү сот системасын өзүнө гана ылайыктуу кылып түзүүнү көздөгөндүгүндө, бирок жарандык коом андайга жол бербеш керек деп айтылууда.

Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова: «Сот реформасын бийлик аягына чейин чыгара алчудай эмес. Биз буга алты айдан бери күбө болдук. Ошондуктан, биз күчтүү профессионал топ түзүү үчүн кеңешке жарандык коомдун өкүлдөрүн, сотторду, адвокаттарды чакырабыз.»

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин аткарып жаткан ишин Жогорку соттун өкүлдөрү кубаттабайт, бирок ага каршы да эмес. Бирок Жогорку соттун өкүлдөрү - тармакты реформалоо токтоп калды дегенге макул эмес.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев: “20 жыл ичинде сот системасында азыркыдай реформа болгон эмес, качан эле бизде журналистер жарандык коомдун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү сот жараянына кенен катышчу эле? Биринчи жолу Сот тандоо кеңеши түзүлдү, бул да болсо жылыш. Негизи, сот системасын реформалоо оңой-олтоң иш эмес, бир же эки айда ишке ашыргыдай, ал үчүн жылдар керек.”

Баштаган ишти аягына чыгарып, өлкөдө таза сот системасын  сөзсүз түзүү керек дейт жарандык кеңештин өкүлдөрү. Аны ишке ашырууга коомчулук жардам бере алат. Сот системасын өз алдынча кылып реформалоодо жарандык коомдун күчү өтө зарыл.

Жарандык коом өкүлү Нурбек Токтакунов: “Учурда бизде сот системасы бар, ал иштеп жатат деп айтууга болбойт. Бирок биз аны орнотуубуз керек, ага жарандык коом чоң салым кошо алат. Мурда соттор өздөрү калагандай кылып чечимдерди чыгарып келген болсо, мындан ары андай болбош керек. Мен ишенем, акыр-аягы бизде таза акыйкат сот системасы орнойт.”

Жарандык кеңеште иштегендер кайрылгандардын арыздары менен таанышып, жыйынтыгында таза эмес иштеди деген соттордун аты-жөнү  аныкталууда. Мындан улам, эгер Соттторду тандоо кеңеши татыксыз сотторду тандаса, кеңеш тарабынан берилген маалыматка таянып, туура эмес чечим чыгарган соттордун санын азайтса болот.

Мындан тышкары, жакынкы күндөрү  кеңештин адистери аларга кайрылгандар менен бирге сот иштерине байкоо салып, соттордун чечими канчалык деңгээлде туура экендигине баа берип иштеп баштайт.

Жумгал Өмүрканов, Коомдук биринчи канал http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=3000