Элдин тынчын алган соттун чечими ачыка чыкты (ЖКтин депутаттарынын иши боюнча)

добавлен 27 июня 2013 19:01
просмотров 1500

 

 

Эки жумадан бери элдин оозунан түшпөгөн соттун чечими колго тийди. Бийликти басып алган деген айып менен кармалган Жогорку Кенештин депутаттарын кантип, кандай далилге  таянып, эмне себептеп ушундай чичим чыгарып актап коюшту, деп  нааразы болгондорго чечимдерди ачык колдоонууга илип коелу.

29.03.2013 жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту курамында, төрагалык кылуучу судья А. Субанкулов бул ишти карап өкум кылган: К.К.Ташиевди, Т.Т. Мамытовду жана С.Н. Жапаровду кылмыш жана жаза кодексинин 295 статьяларында каралган кылмышты  жасашкан, деп таап чыгып, К.К.Ташиев жана С.Н. Жапаровка бир жыл жана алты ай эркиндигинен ажыратуу, а Т.Т. Мамытовка болсо бир жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. Өкүм бул жерде.

17.06.2013 жылы Бишкек шаардык соту кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы курамында: төрага К.Т. Зулушев, судьялар С.И. Бранчаева жана М.А. Сатиев бул ишти апелляция иретинде карап КЖКнин 30 жана 295 беренелеринде каралган кылмыштын курамы жок болгондуктан ЖКтин депутаттары акталышсын, деп өкүм чыгарган. Өкүм бул жерде.

Жана КР КЖКнин 297 беренесинин 1 бөлүгү менен кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылган Жогорку Кеңештин депутатарына карата козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылсын, деп аныкташкан. Аныктама бул жерде.

Ушундай окум чыкканына биздин  тергөө органдардын дагы салымы бар. Бул жерде Постановление о признании потерпевшим, деген документтин көчүрмөсу турат. Ал тергөөчүү эмнени аныктаганын жазбай кеткен, анан ушундай иштин жыйынтыгы кандай болуш керек эле? Бишкек шаардык соту КР Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Ж. Исмаилов тарабынан тергөө амалдарын жүргүзүдөө кетирген мүчүлүштүктөрдүн кайталанышына жол бербөө максатында КР Башкы прокуратурасынын көңүлү бурулсун, деп  жай аныктама чыгарган. Жай аныктама бул жерде.

P.S. Чечимдерди ачык илип кою менен, пайда болгон суроолорго жооп табуу жеңилиреек болот деген ойдобуз.

сүрөт: http://rus.azattyk.org/content/news/24888849.html алынган.