Соттордун кыргыз элине эмне кереги бар, алар тебеленген укуктарды мыйзам чегинде орундаталбаса?

добавлен 04 марта 2013 16:31
просмотров 1607

 

 

 

Жергиликтүү кеңештин депуттаттарын шайлоо боюнча нааразы болгон Өзгөн районунун Кароол айылдык аймагынын Шералы № 5057 шайлоо участогунун талапкерлери арызы менен райондук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Райондук шайлоо комиссиясы арызды карап ооба мыйзам бузуулар болгон турбайбы, силер Борбодук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылгыла, деп токтомун чыгарып беришет (токтом бул жерде). Шайлонун жыйынтыгы чыкканына 2 күндөн кийин. Ошол эле күнү мөөнөтүн өткөрбөйлү деп, арыздануучулар Өзгөн райондук сотунун төраганын милдетин аткаручу Акмат Сапаралиев деген судьяга кайрылышкан. Ал райондук шайлоо комиссиясынын чечимин карап сиздер БШКга кайрылышыңар керек, деп жооп берген.

Арыздануучулар ошол эле күнү БШКга кайрылышкан. Бирок БШК эч арыздарга жооп беришкен эмес. Эки жолу факс жиберсе, факсыбыздын боегу жакшы чыкпай жатат, дешип оз эки жооп беришкен. Бизге арызды өзун, кол жазма түрүндө алып келгиле, деп Болот деген БШКнын түштүк өрөөнүн тейлеген адиси жооп берген.

Арыздануучулар Бишкеке чейин арызын алып келип тапшырышкан, бирок БШК 19 январьда (54  күндөн кийин) сиздер «Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөө» КР Мыйзамынын 43 беренесине ылайык белгиленген же шайлоонун натыйжасы аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде далилдер менен Өзгөн райондук шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз болгон. Ошол мөөнөттөр өткөндөн кийин арыздар кабыл алынбайт, деп БШК жооп берген. 25 ноябрьда шайлоо өтсө ноябрьда Өзгөн райондук шайлоо комиссиясынын чечими турат, ооба мыйзам бузулар баар экен, БШКга кайрылгыла деген.

БШКнын жообун алып укугу бузулган талапкерлер Өзгөн райондук сотко кайра кайрылышса:

20.01.2013 жылы Өзгөн райондук сотунун судьясы Э.Матазов бул ишти карап, № 5057 Шерали шайлоо комиссиясынын шайлоо материалдарынын кайра кароо жөнүндөгү арызы тиркелген материалдары менен кошо кайтарылып берилсин, деп аныктама чыгарган. Ушул чечими менен Э. Матазов, кыргыз элинин укугу тебеленсе сотко кайрылууга укугу бар, деген Конституциянын беренесин тебелеп койду. Буга нааразы болгон Өзгөн өрөөнүнүн жашоочулары мыйзамдуулук издеп Жогорку сотко келишет. Кайран эл, үмүттүн шооласы үзүлбөйт экен да (чечим бул жерде).

01.03.2013 жылы бул иш Жогорку соттун: Базаралиева, Уметалиева жана Дооронбеков соттук курамында бул көзөмөл ирээтинде каралып Өзгөн райондук сотунун чечими  өзгөрүүсүз калтырылсын, деп чечим чыгарышты.

Урматтуу иштеп жүргөн юристтер, мыйзамды карап, чечимдерди карап көрсөңөр, ушундай дагы мыйзамды тебелөөгө жол беребизби? Бул соттордун чечиминен кийин карапайым эл кайсы жерге кайрылышы керек? Конституциялык укугу тебеленип жатса Жогорку сот аны туура чечкендин ордуна ошол мыйзам бузуу туура, деп жатышса КАЙСЫ ЖЕРДЕН АКЫЙКАТТУЛУКТУ, МЫЙЗАМДУУЛУКТУ ИЗДЕЙБИЗ?

P.S. Дегеле Кыргызстанга мындай Борбодук шайлоо комиссиясы жана ушундай соттун эмне кереги бар? Биз аларга шайлоонун жыйынтыгын бурмалагыла, укук тебеленсе бийлик тарапка кана тургула, деп каражат бөлүп берип жатабызбы?