Кемпирабат иши боюнча сот отурумдарынын хронологиясы.

добавлен 28 апреля 2026 17:32
просмотров 14

 

 

Биринчимай райондук сотунда, судья М. Сыдыковдун төрагалыгында 25 айыпталуучуну КР КЖК 278-беренеси “Массалык башаламандыктар” жана 326 – беренеси “Бийликти күч менен басып алуу” менен айыпталынып, сотто каралды.
Иштин маңызы: 2022-жылдын 23-октябырда КР ИИМ тарабынан  25 саясатчылар, активистер, журналистер, укук коргоочулар кармалып, КР КЖК 278-беренеси “Массалык башаламандыктар” жана 326 – беренеси “Бийликти күч менен басып алуу” менен айыпталынып, камакка алынышкан.
2022-жылдын 23-октябырынан баштап 2023-жылдын 5-июнуна чейин тергөө иштери жүрүп, 2023-жылдын 14-июнунда кылмыш иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароого өткөн.
Кылмыш иштин сотто каралуусунун хронологиясы:
2023-жылдын 23-июну: биринчи соттук отурум өтүп, ал жерде  алдын ала угуу болуп, жол берилгис далилдерди иштен алып салуу керек болчу, бирок баардык адвокаттар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү бере башташты, натыйжада Р. Карасартова менен А. Бейшенбек үй камагына бошотулушту;
2023-жылдын 26-июну: алдын ала угуу болду. Бул күнү соттук териштирүүнү ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилген. Кудум ушул күнү дүйнөдө Кыйноолорду жоюунун эл аралык күнүн белгилеп атышкан, дал ушул күнү судья бизге  сот отурумун ачык өткөрүүдөн баш тартылган.
2023-жылдын 20-июлунда Бишкек шаардык соту (БШС) Кемпирабат ишиндеги сегиз абакта кармалган адамдын баарына: Айбек Бузурманкуловго, Айданбек Акматовго, Тимур Махмудовго, Эрлан Бекчоро уулуна, Марат Баязовго, Жеңиш Молдокматовго жана Илгиз Шаменовго каршы чечим чыгарып, апелляциялык арыздар канааттандырылган эмес жана сегизи тең камакта калтырылган. БШС ишти бир топ кечеңдетип, отурум бир айдан кийин гана өткөн.
2023-жылдын 14-августунда соттук отурум учурунда жанжал чыгып кетти. Август айында аба ырайы ысык, соттук отурум өткөн залда 25 айыпталуучу (11 ТИЗОдон келгендер), алардын 25 адвокаты, 11 адамды ТИЗОдон коштоп келген 25 конвой, дем жетпей отургандар суу ичип отурууга муктаж. Бирок, конвоирлер 11 ТИЗОдон келген адамга суу берүүгө тыйуу салып чыр-чатак чыккан сот отуруму болгон. Тергөө абагындагыларга суу ичүү мүмкүнчүлүгү берилбей, судьянын уруксаты менен кана суу киргизүүгө мүмкунчүлүк алышкан.
2023-жылдын 21-августунда сот отуруму болгон жок. Биздин команда соттун ачык өтүшүнө жол бербегени үчүн судьяга каршы чыкты. Сот отуруму 5-сентябрга чейин жылдырылды. Сотко чейинки камакка алуу чаралары каралып, эч ким бошотулган жок.
2023-жылдын 22-августунан баштап айыпталуучулар кылмыш иштин материалдары менен тааныша баштады. Тергөө аяктаган соң, айыптоо актыга кол койдуруп, иш материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.
2023-жылдын 28-августунда Бишкек шаардык соту Эрлан Бекчоро, Али Шабдан жана Акыл Айтбаевдин бөгөт кою чарасын карап чыгып, аларды үй камагына бошотушту.
2023-жылдын 5-сентябрында сот отуруму болгон жок. Ошол күнү А. Бекназаров, Р. Жээнбеков, К. Кадыров жана Ж. Молдокматов ТИЗОдо жаткан камераларынан башка жер  алдындагы бөлмөлөргө которулганы маалым болду. Сот баштала электе көптөгөн арыздар берилип (анын ичинде кылмыш иш материалдар менен таанышпагандыгы жөнүндө), акырында иштин материалдары менен таанышууга убакыт берилип,  сот отуруму кийинкиге жылдырылды.
2023-жылдын 13-сентябрында сот отуруму болгон жок. Айыпталгандар кылмыш иш материалдар менен таанышууга убакыт жетпегендигин билдиришип, аларга көчүрмө аппараттар керектигин айтышкан. Судья көчүрмө аппараттардын зарылдыгын канааттандырган жок, бирок таанышып чыгууга убакыт берди. 
2023-жылдын 26-сентябрына чейин күн сайын айыпталуучулар сотто иштин материалдары менен таанышып чыгышты.
2023-жылдын 27-сентябрында Башкы прокуратуранын ага прокурору Медербек Абдышев судьяга шыбырап сүйлөй баштады. Процесстин катышуучулары бизге эч нерсе угулган жок десе, мен силерге сүйлөгөн жокмун деп, ызы-чуу чыгып кетти. Сот залында микрофон иштебей, сүйлөгөн сөздөр угулбай, судья ызы-чуудан улам биздин 11 шериктешибизди  (ТИЗОдо отурган) сот залынан чыгарып, сотту улантты. Айыпталуучулардын өздүк маалыматын угуп атышкан, Р.Карасартова өзүн тааныштыруудан баш тартып, укуктарыбыз бузулуп, сот отуруму мыйзамсыз отуп атканына көңүл бурду. Сот отуруму кийинки жумага жылдырды.
2023-жылдын 4-октябрында Биринчимай райондук сотунун имаратынын алдында ачык сотту колдоо митинги өттү. Сот отурумуна ТИЗОдогу 11 айыпталуучуларды сотко алып келишкен жок, бирок судья соттук териштирүүнү кимдин ким экенин тактоодон баштады. Үй камагында жүргөн айыпталуучуларды видео-байкоо иштеген сот залына которушту. Ал жерден адвокат Э. Булекбаев жактоого алган А. Бекназаровдун адвокаты болуудан баш тартканын билдирип, түшкү тамактануудан кийин сот отуруму болгон эжок. Соттук териштирүү  эки жумага жылдырылды, анткени 12 жана 13-октябырда өлкөбүздө Саммит өтүп жаткан.
2023-жылдын 18-октябрында сот отуруму кайрадан болгон жок, анткени сотко ТИЗОдо камакта отурган айыпталуучуларды алып келбей жана айрым адвокаттар катышпай калгандыктан.  Прокурор ТИЗОдо кармалгандарды тергөө изоляторунан кийинки отурумга алып келүүнү буйруду. Сот бир жумага жылдырылды.
2023-жылдын 25-октябрында сот ШКУнун  (ШОС) саммитине байланыштуу  болгон жок, процесс жылдырылды.
2023-жылдын 1-ноябрында А. Бекназаровдун адвокатын жоктугунан сот болгон жок. Судья, сот процесси үч жолу бир адвокаттын айынан үзгүлтүккө учурашын белгилеп, аны адвокаттык лицензиясынан ажыратылаарын жарыялады. Кемпирабатчылар адвокатты коргооду, анткени А. Бекназаров расмий түрдө, жазуу жүзүндө эч бир адвокатты, ал тергөө изоляторунан сотко жеткирилмейинче жалдабасын, мажбурлап адвокатты бекитип берүүгө тыюу салганын билдирген. Адвокаттын сот отурумуна келбей калышы адвокаттын күнөөсү эмес, анын кызматынан А. Бекназаров өзү баш тарткан, адвокат кардарсыз калган. Сот отурумдары 6, 7 жана 8-ноябрда, майрамдарга байланыштуу эки жумага жылдырылды.
2023-жылдын 15-ноябры, Шаршенби күн, тилекке каршы процесс кайрадан 22-ноябрьга жылдырылды. Буга А. Бекназаровдун жактоочусу жок болгону себеп болду. Судья Марат Сыдыков мамлекеттик кепилдик кылган юридикалык кызматтан адвокатты чакырууга мажбур болду. Эмки сот процессине адвокат келсе, ТИЗОдогу айыпталган адамдарды сотко алып келеби же жокпу чечилет деген. Ошондо 11 айыпталуучу сотко чакырылабы же жокпу, эмки сот процессинде кана чечилет экен.
2023-жылдын 22-ноябры, бугун Кемпир Абад иши боюнча соттук териштирүү болмок. Судья келип, сот отурумуна ким келгенин аныктап, А. Бекназаров жок, анын адвокаттары жок, сот отуруму 29-ноябрга жылдырылат деп, чыгып кетти. Мамбетжунус Абылов агай соз алып, келгиле А. Бекназаровго адвокат чакыртып көрөлүү, деп ишти баштоого аракет кылды эле, тыянак чыккан жок. Мындан мурунку отурумда судья мамлекеттик адвокат алдыртам деп айтты эле, аны деле келген келбегенин тактабай, сотту жылдырды.
2023-жылдын 29-ноябырда соттук териштирүү болду. А. Бекназаровдун адвокаты жок (адвокаттан баш тарткан), бир айыпталуучубуз Чынгыз Капаров приступ болуп, тез жардам менен ооруканага түшуп, ушул сот отуруму боло турган кунү өтүн алдырууга операция кылууга барып сотко келбей калганын билдирген. Бирок, бөгөт кою маселесинин убактысы келип калган, айыпталуучулар ТИЗОдо жаткан балдарды сотко чыгарып, бөгөт кою чарасын карагыла деп чырылдаганыбызга карабай, балдар ТИЗОдон алып келинбей, баарынын бөгөт кою чарасын 2 айга узартып коюшту. Териштирүү кийинки Шаршембиге жылдырылды. 
2023-жылдын 6-декабрында сот отуруму кайрадан үзүлтүккө учуралды, анткени 25 айыпталуучулардын бири ооруп калып, шашылыш операция жасалган. Ал ооруканадан чыкканга чейин сот отуруму болбой калды.
2023-жылдын 13-декабырында соттук териштирүү болду. А. Бекназаровго мамлекеттик юридикалык жардам берүү үчүн мамлекеттик адвокат алып, соттук териштирүүнү улантууга мүмкүнчүлүк алышты. Сот отуруму башталганда, прокурор сөз алып, ТИЗОдо кармалган 11 айыпталуучуну соттук териштирүүгө алып келүүнү өтүндү. Судья макул болуп, сот отурумун 20-декабрга жылдырды.
2023-жылдын 20-декабырында ТИЗОдогу 11 айыпталуучулар сотко алып келинди. Сот отурумунда А. Бекназаров мага укуктарымды окуп койгула десе, судья “жок, окубайм” деп, ары-бери салгылашуу болду. А. Бекназаровду сот залынан чыгаргыла деп, судья чыгып кетти. Судьянын чечимин алып келгиле, ошондо кана чыгам, жөн чыкпайм, деп А.Бекназаров сот залынан чыкпай, ТИЗОдогу кылмыштуу шериктештерибизди түшку тамактанууга чыгарып, түштөн кийин А. Бекназаровду сот залына алып келген жок. 
Бектур Асанов сот териштирүүдө чыдабай, отурганга алы жок, жаткан. Бектур Асановдун бөгөт койуу чарасын карап бергиле деп талап кылсак, болбой койду. Ишибиз сотко июндун аягында өткөн, туура алты ай дегенде бизди айыптоо акты менен таныштыра башташты. Майда шрифт менен жазылган, 265 барактан турган айыптоо актыны канча күндө окуйт болду экен?
2023-жылдын 27-декабыры А. Бекназаров кайрадан Бектур Асановду ооруканага чыгаруу маселени көтөрүп, бөгөт кою маселени кароону талап кылды. “Жок, мен бөгөт кою чарасын карабайм” дегенди угуп, эмнеге деп, судьяга бир сыйра лекция окуду. Судья, шектүү Бекназаровго, айыпталуучулардын талабы аткарылышы үчүн керектүү документтерди адвокаттар камсыз кылуу керектигин айтып, процессти улантты.
2023-жылдын 28-декабрында Бишкек шаардык соту биздин 11 шектүүгө карата бөгөт кою маселесин карап чыкты. Бектур Асановдун абалы өтө оор болгондуктан, анын кылмыштуу шериктештери башкасын карабаса дагы Б.Асановго башка, камакка алууга байланышпаган үй камагын тандап берүүнү суранышкан, бирок соттук коллегия эч кимдин бөгөт кою чараларын өзгөрткөн эмес.
2024-жылдын 10-январында СИЗОдо кармалган 11 айыпталгандар Бектур Асанов ооруканага жаткырылмайынча сот процессине катышуудан баш тартышканын билдиришти. Бектур Асанов бир жарым ай бою ооруканага жаткырууну суранып келген, бирок ага уруксат берилген эмес. Кемпирабат иши боюнча СИЗОдогу бардык айыпталгандар жалпы бойкот жарыялагандан кийин, Бектур Асановду акыры 10-январь күнү эртең менен Республикалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилген. 15-январда анын моюн омурткасына шашылыш операция жасалган. Операция беш саатка созулуп, дарыгерлер байкоо жүргүзүү үчүн 20 күн ооруканада жатууну белгилешкен. Демек, сот процесси бул убакыттын ичинде өтпөшү керек, бирок судья сот процессин эки же үч жумага жылдырууну каалабай, кийинки жумага белгиледи.
2024-жылдын 17-январында сот кечигип башталды. Адвокаттар келишкен жок (бир шектүү операциядан кийин реанимацияда болгондуктан, сот болбой турганын баары түшүнөт). Бирок судья процессти эки же үч жумага жылдыргысы келбей, процессти коюп, ар шаршемби сайын белгилеп, адвокаттардын баалуу убактысын текке кетирип атты. Сот бир саат кечигип башталып, шектүүлөрдүн бири реанимацияда жана эки адвокаттын жоктугунан улам кийинкиге жылды.
2024-жылдын 24-январында соттук териштирүү түштө башталды. Судья М. Сыдыков, Бектур Асанов жок дегенге карабай, адвокаттар келбей срыв кылып атат дегенге өттүү. Башкы прокуратуранын Медер Абдышев аттуу прокурору, келбей калган адвокаттарга иликтөө кылып, аларга карата жеке аныктама чыгартып, адвокаттык лицензияны жокко чыгарууга алып барабыз, деп, коркутуулар башталды.
Бийлик биздин иш боюнча чечимди шашылыш түрдө чыгарууга кызыкдар экенин бүгүн көрсөтүштү. Бектур Асанов оор операция болуп ооруканада жатканына карабай, соттук териштирүүнү түштөн кийин улантып, бизге айыптоо актысын окуганга өттүштү.
Бектур Асанов жасалган операциядан кийин дагы мындан оорураак операцияга муктаж экен. Аны Кыргызстанда жасашпайт, Түштүк Кореяга снимкаларын жибериптир, деп жубайы айтты. 2 ай реабилитация болушу керек экен, диагнозу СИЗОго туура келбейт экен. Бирок врачтарга бир УКМК, бир Прокуратура барып, ал диагнозду жазгандан коркуп атканын Бектур Асанов айтты. СИЗО Бектур Асановду албайбыз дептир, эми 31 колонияга жиберет имиш. 31 колонияда медикалык шарт деле жок. Ал жерде соттолгон адамдар ачык эле аралашып жүрүшөт.
СИЗОдо жаткан 11 кемпирабатчы, эмнеге Бектур Асановдун укугун бузуп атасыңар, мыйзамда жок четтетүүнү иштеп чыктыңар деп, байкот жарыя кылышты эле, судья аларды сот отурумунан четтетип салды.
Ошентип бөгөт коюу чарасы СИЗОдогу 11 айыпталуучу жок каралды. Эчкимге, ал түгүл медициналык реабилитацияга, оор операцияга муктаж Бектур Асановго дагы 2 айга камакты узартышты.
2024-жылдын 31-январы СИЗОдон балдарды алып келишти. Алар кайрадан Бектур Асановдун ден соолугуна судьянын көңүлүн бургулары келди. Судья аларды бат эле сот залынан чыгарып жиберди. Кемпирабат иши кайрадан отложка болду, анткени эки поддельнигибиз ооруканага түшүп калыптыр. Бектур Асановду сотко алып келген жок, туруп басканга алы жок, тамак ичпей, операциядан кийин кыйноого кабылып, 31 колонияда жатат.
2024-жылдын 7-февралы сот отуруму Бишкекте өтүп аткан Самитке байланыштуу болгон жок. Мындай мамлекеттик денгээлдеги иш чаралар  өтүп атканда СИЗОдон эчкимди алып чыкпайт экен. Бектур Асановдун ден соолугуна байланыштуу, ал Улуттук госпиталда моюн омурткасына операция болуп, анан кайра СИЗОго жеткирилген. Операциядан кийинки реабилитация жок, абдан кыйналган. Бектур Асановдун бөгөт кою чарасын сыртка чыгып кетпөө деп алмаштырып, үйгө чыгарышты.
2024-жылдын 14-февралында Сот залында СИЗОдон келген айыпталуучулардын судья менен кайым айтышуудан улам, СИЗОдогу балдарды бат эле кайра алып кетип калышты.  Айданбек Акматовдун кызы СИЗОдогу атасына жана башка агаларына бирден жүз арчы даярдап келген экен, 14-февральга  карата. Рита эже берип койгулачы деди, бирок конвой берүүгө таптакыр уруксат бербей, ал жүз арчыны бир жума көтөрүп жүрүп, тамак ашка кошуп СИЗОго жеткирип бердик. Балдарды СИЗОго алып кетип баратканда процесс кийинкиге жылдырылды дешкен, бирок кандай бир себептерден сот отурумун улантышты. Сот залында кээ бир адвокаттар жок болчу, мисалы Карасартованын адвокат Бакыт Афтандил ооруп жок болгонуна карабай, Рита Карасартовага жана Чынгыз Капаровго айыптоо актыны угузушту. Ал күнү Гульнара Джурабаева абдан ооруп, ооруканага кеткен, ошого карабастан сот отуруму уланды, 17:30 чейин.
2024-жылдын 21-февралында сот отуруму болгон жок, анткени адвокат Акин Токталиев кылмыш иштерине катышууга укугу жок деп, судья адвокаттар кеңешине кат жолдоду.
2024-жылдын 28-февралында сот отуруму болгон жок, судья Марат Сыдыков ооруп калганына байланыштуу.
2024-жылдын 6-мартында сот отуруму болгон жок, анткени адвокатура кеңешинен кат келди, судья Кубанычбек Кадыровго мамлекеттик адвокат берүү боюнча чечим кабыл алды. Кубанычбек Кадыров ага макул болбой урушуп кетти. Судья конвойго К. Кадыровду чыгарып кеткиле деп, сот отуруму кийинки жумадан тартып Шаршенби жана Жума күну болот деп жарыялады.
2024-жылдын 11-мартында Жогорку Соттун төрагасы маалымат каражаттарына берген маегинде Кемпирабат иши боюнча айыпталуучулар сотко келбей, отурумдарды үзгүлтүккө учуратып жатканын айтты. Жогорку даражалуу судьялар биздин жыйындарга келбей коё албасыбызды унутуп калышты (айыпталуучулар сот отурумуна барбай койсо, аларды тартип бузудуңар деп, дароо үй камагынан камакка алууга алышат), ал эми тергөө изоляторунда отургандар, судья М.Р. Сыдыковдун Кылмыш-жаза кодексинин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин нормаларын бузгандыгы үчүн сот отурумуна келбей жатышат.
2024-жылдын 13-марты адвокаттар Дүйшөмбү күнү 11-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев Кемпирабат иши созулуп атканы, айыпталуучулар өздөрү күнөлү деп, интервью бериптир, ошого СИЗОдогулар жооп беришти, деп билдирүүнү окушту. Асель Аргымбаева ооруканага жатып калып сот териштирүү болгон жок. Адвокат Акин Токталиев өз клиентин Кубанычбек Кадыровду жактоого келсе, аны сот залынан чыгарууга аракет көрүштү. Адвокат залдан чыкпай койсо, баарыбызды башка залга алып чыгып кетти. Балдар сот отуруму Жума күнгө коюлганына каршы чыгып урушуп кетишти. Судья аларды сот отуруму аягына чыкканга чейин четтетип салды. Сот отурумун кийинки Жумага койду.
2024-жылдын 20-мартта Соттук отурум 10:42 башталды – 14:54 аяктады. Түшкө чейин сот отуруму болду. Адвокат Асель Аргымбаева ооруканадан чыкпай, бирок сот отуруму уланды. Айыпталуучуларды тартип бузушканы үчүн сот залынан чыгарып таштады 14:00 тыныгуу жарыяланды. Түштон кийин бөгөт кою чараа каралып, Кубанычбек Кадыров камактан чыкты. Түштон кийин сот отуруму уланган жок. Сот отуруму 2024-жылдын 27-мартына жылдырылды.
2024-жылдын 27-мартта Сот отуруму 10:46 башталды – 17:30 аяктады. Айыптоолучулардын бирөөсүнө мамлекеттик жактоочу дайындалган, ал сот отурумга келип, мага сот иши менен таанышканга убакыт бергиле, деп өтүнүч келтирди. Башка СИЗОдогулар өтүнүч  келтирейин десе эле залдан чыгарып салды. Сарылдык уулу Илгизден башкасынын баары сот залынан чыгарылды. Түштөн кийин Клара Сооронкулова, Улук Маматаев жана Акылбек Айтбаевдин айыптоо актысын окушту.
2024-жылдын 3-апрель Сот териштирүү 10:53 башталды-17:04 аяктады. Кээ бир адвокаттар жок, соттук териштирүү мүмкүн эмес деп, түшкө чейин сот отуруму талаш-тартыш менен коштолду. Биринчи А.Бекназаров, анан А.Бусурманкулов, анан Т.Махмудов, Ж.Молдокматов, А.Акматовдорго тартип бузганыңар үчүн (мыйзамсыз ишке барба дегендери үчүн) эскертүү берип сот залынан чыгарып салды. Бир бирден мазактабай М.Баязовду, Р.Жээнбековду, К.Дуйшебаевди И.Сарылдык уулун дагы сот залынан чыгаруу токтомун кабыл алды. Саат 14:43 – 17:30 чейин айыптоо актыны залда отурган айыпталуучуларга окуушту, СИЗОдогулар жок эле уктук. Кийинки жумадан тартып бир жумада сот отуруму 2 жолу болот деп жарыялады. Соттук териштирүү 2024-жылдын 9-апрелине жылдырылды. P.S. ушул күнү сот залынан Илгиз Сарылдык уулун күч менен конвой сүйрөп, кабыргасын кайыштырып, ал Акыйкатчыга кайрылууга аргасыз болгон.
2024-жылдын 9-апрелинде (Шейшемби күн) Сот отуруму 10:32 башталды 11:15 аяктады. Ыкчам убакытта Шейшемби күнү сот болот деп жарыялаган үчүн, бул соттук отурумга 6 адвокат келе алган жок. Сотту кантип адвокат жок өткөрөсүңөр деп түшкө чейин салгылаштык. СИЗОдогу айыпталуучулар мамлекеттик айыпоочудан баш тартууну билдиришти. Аларды тартип буздуңар деп сот залынан чыгарып салышты. Сот отуруму болгон жок, сот 2024-жылдын 16-апрелине калтырылды деп, баарыбыз тарап кеттик.
2024-жылдын 10-апрель (Шаршенби күн) Орозо айт майрам күн.
2024-жылдын 16-апрели Сот отуруму 11:44 башталып 11:55 аяктады. Ушул жумадан баштап Кемпирабат иши бир жумада эки жолу өтө баштады Ишемби жана Шаршенби күнү. Кемпирабат иши боюнча иштеген 3 адвокат ишке келе албай сот отуруму 17 апрель саат 14:00 жылдырылды. Түшко чейин 4 адвокатсыз кантип ишти уландырган атасыз деп кайра чыр чыкты. 
2024-жылдын 17-апрелинде түшкө чейин Бишкек шаардык сотунда бөгөт койю чарасы каралат. Бирок А.Бекназаров ооруп калып бөгөт кою чарасы 2024-жылдын 24-апрелге которулган.
 2024-жылдын 17-апрелинде Сот отуруму 14:29 башталып 14:40 аяктады. Адвокат Б.Афтандил уулу менен А. Бекназаров ооруп калып, ал туралуу өтүнүч калтырып сот отуруму 2024-жылдын 23-апрелине жылды.
2024-жылдын 23-апрелинде Сот териштирүү 10:48 башталды 11:18 аяктады. Сот отуруму болгон жок, ишке 6 адвокат келген жок. Р.Жээнбековдун ден соолугу начарлашына байланыштуу, ушул күнү СИЗОдо медиктер болгонуна байланыштуу, териштирүүнү башка күнгө жылдырып берүүнү суранды. А.Бусурманкулов тартип бузгандыгы үчүн эскертүү берилип, А.Акматов, А.Бекназаров, М.Баязов, Дуйшебаев, Р.Жээнбеков, Ж.Молдокматов, Т.Махмудов, И Сарылдык уулу кошуп сот залынан чыгарылышты. Сот териштирүү 2024 жылдын 24-апрелине саат 10:00 жылдырылды.
 
2024-жылдын 24-апрелинде түшкө чейин БШС бөгөт кою чарасы каралып, эчкимдин камакта калуу мөөнөтүү өзгөрбөй келишти. Түштөн кийин сот отуруму 14:38 башталды. Кемпирабат иши жабык болгонуна карабастан сот залына конвоирлерден башка, приставдар, “Омега” спецназдын тобу дагы сот отурумга кирип алышкан. СИЗОдо отурган айыпталуучулар жана адвокаттар Биринчи май райондук сотунун судьясына айыпталуучулардын жана адвокаттардын атынан эки арыз жиберишти. Ишке тиешеси жок, жашыруун материалдарга доступ жок адамдарды сот залынан чыгаруу жөнүндө. Арыз канаттандырылып алар сот залынан чыгарылды. 2 адвокат: А. Аргымбаева, А.Авазбеков отурумга келбей, өтүнүч калтырып коюшкан экен, аны жарыялап, соттук териштирүүнү 2024-жылдын 30-апрелине жылды.
2024-жылдын  30-апрелинде Ишемби күнү, сот отуруму саат 10: 52 башталып – 17:01 аяктады. Түшкө чейин адвокат Абазбековдун Жогорку сотто сот отуруму бар экен, менин катышуумсуз өткөрө берүүңүздү суранам, деп арыз таштаган экен. Прокурор адвокатсыз караган болбойт, тыныгуу жарыялап коелу, деп, саат 14:00 чейин тыныгуу жарыяланды. Түштөн кийин 14:52 соттук териштирүү уланып айыптоо актысы окулду. СИЗОдогулар Кемпирабат тартылган футболкаларды кийип чыгабыз дешсе, конвой камералардан текшерүү кылып, футболкаларды  алып кетишиптир. Р.Жээнбеков төрагалык кылуучуга ишенбестик келтирди, бул өтүнүч соттук материалдарга тиркелди. Т. Махмудов кабылган зомбулук жөнүндө айтайын деди эле, ага эскертүү берип, анан дароо залдан чыгарып салышты. Алардын аркасынан эле А.Акматов, А.Бекназаров, М.Баязов, А.Бузурманкулов, К.Дуйшебаев, Р.Жээнбеков, Ж.Молдокматов, И Сарылдык уулу эскертүүгө баш ийген жок деп, сот залынан чыгарылышты.  Мамлекеттик айыптоочу М.Абдышев сотко оозеки өтүнүч менен кайрылды. Айыпталып аткан адамдардын айыптоо актысы И.Сарылдык уулу, К.Сооронкулова жана А. Бейшенбек уулунуку кана айырмаланып турбаса, башка 22 айыпталуучунун айыптоо актысы “под копирку” жазылганына байланыштуу, баарына окуп кажети жок, деп ойлойм. Азыр биз Эрлан Бекчоро уулунун айыптоо актысын окуйбуз, бул айыптоо актысы баарына таандак десек болот. Ошону менен айыптоо актыны угузганды токтотолу деди. Судья прокурордун отүнүчүн канаттандырып, айыптоо актысын окуганды токтотушту. Ушул эле күнү далилдерди изилдөө тартибин аныкташты. Мамлекеттик айыптоочу М.Абдышев: суракты жабырлануучулардан баштап, анан күбөлөрдү сурак кылып, андан соң айыпталычууларга өтсөк, анан иштин материалдарын изилдөөсүнө өтсөк деп суранды. Баары макул болуп ушул эрежени бекитти. 1-5 май майрам күн деп Ысык-Көлгө сурансак Улук Маматаевге, Рита Карасартовага, Таалай Мадаминовго жана Перизат Сурановага уруксат бербей койду. Сот отурум 7 майга саат 10:00 жылдырылды.
2024-жылдын 1-майында (Шаршемби күн) Соттук териштирүү болмок эмес май майрамдарына байланыштуу. 
2024-жылдын 7-майында Сот отуруму 10:37 башталды. М. Абылов менен К. Душебаевдин адвокаты Акынбек Авазбеков, өтүнүч калтырып, соттук териштирүүго келген жок.  Буга чейин судья Марат Сыдыков жумуш эргүүгө чыгам дегенин угуп дарыланууга Турцияга билет алып койгон экен. Судья өз пландарын алмаштырып Кемпирабат ишин улантты, адвокат  болсо пландарын бузууга мүмкүнчүлүгү болбой Турцияга барып келүүгө аргасыз болду.  Мамлекеттик айыптоочу адвокат 6 жолу  соттук териштирүүгө келбей койгонуна байланыштуу, аны мамлекеттик жактоочуга алмаштыралы, деп өтүнүч киргизип, судья К. Дуйшебаев менен М. Абыловго мамлекеттик адвокат дайындады. К. Дүйшебаев буга каршы болду, мамлекеттик жактоочу менен иштөөдөн баш тартарын билдирди. Сот отуруму 2024-жылдын 8-майына жылдырылды.
8.05.2024-жылдын 8-майында Сот отуруму 11:21 башталды. Айыпталуучулар: А.Бекназаров, Р. Жээнбеков, Ж.Молдокматов сот залына чыгуудан баш тартышкан, алар СИЗОдон К. Дуйшөбаевди күч менен чыгарганына каршы болушкан. К. Дүйшөбаевди СИЗОдон күч менен, колго көтөрүп чыгып, анын кан басымы 200 көтөрүлүп, кандын шекери 14 чейин чыгып кеткенин билдиришти. Сотко тез жардамды чакыртышып, капельница коюп, кан басымы 170 болгондо тез жардам унаасы кетти. Судья сот отурумду булар жок деле улантабыз деп 14:00 тыныгуу жарыялаган, түштөн кийин 14:53 сот отуруму башталып, ал жерге КР Юстиция Министирлигине караштуу 21-мекеменин фельдшер кызматкери сот залына келип К.Дүйшебаевдин кан басымы 200 жогору көрсөткүчкө чыкканын айтып, ага тынч жатыш керектигин билдирип, сот отуруму болбой, ишти 2024-жыдлын 14-майына жылдырды.
14.05.2024-жылдын 14-майында Сот отуруму 11:48 башталды. Соттук отурум  К.Дүйшебаевге тез жардам чакырылышы менен башталды. Ден соолугу начар болгонуна карабастан, аны күч менен сотко алып келишкен, ал жерде анын кан басымы кайрадан 200гө көтөрүлгөн. Тез жардам кызматы венага капельница коюп, түшкү тамактан кийин К.Дүйшебаевди сот залындагы отургучка отургузуу менен сотту улантууга аракет кылышкан. Бирок, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын фельдшери чакырылып, анын кан басымын өлчөгөндөн кийин, ал кан басымы кайрадан 170ке көтөрүлгөнүн билдирип, Дүйшебаевди дарылоо үчүн тергөө изоляторуна кое берүүнү суранган. 15:17де сот отуруму аяктап  иш 2024-жылдын 15-майына жылдырылды.
2024-жылдын 15-майында саат 10:00дө Кемпирабат иши боюнча айыпталуучулар Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Кеңешбек Дүйшебаевди тезинен ооруканага жаткырууну суранышкан, анын кан басымы 200гө көтөрүлүп, канындагы канттын көрсөткүчү 14кө жеткенине карабастан, ал эки жолу күч менен сотко алып келинген. Сот иши саат 11:20да Дүйшебаевсиз башталган; ал тергөө изоляторунан алып келинген эмес; анын иши өзүнчө өндүрүшкө өткөрүлүп, айыптоо корутундусун окуу улантылды. Саат 17:28 соттук териштирүү аяктады, иш 2024-жылдын 16-майына жылдырылды. 
16.05.2024-жылдын 16-майында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Сыдыков адвокат Э. Сааданбековго карата жеке аныктама чыгарды. Жеке аныктаманын көчүрмөсүн КР Юстиция Министирлигине чара көрүү үчүн жиберилди. Кемпирабат иши башка айыпталуучулардын айыптоо актысын окуу менен улантылды. Ошентип, айыптоо корутундусун окуу аяктады. Судья ар бир айыпталуучудан аларга коюлган айыптоолорду түшүнүп жатышканын (тергөө камагындагы көптөгөн айыпталуучулар айыптоо корутундусун да уккан эмес) же алар коюлган айыптоолорго макулбу деп сураган жок. Ал дароо эле иштин кандай жол менен каралаарын сурап, прокурор сунуштаган жол-жобо боюнча чечим кабыл алды.
21.05.2024-жылдын 21-майында сот отуруму 11:52 башталды. Сотко ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатуу боюнча адвокат К.Турдалиев кайрылган. Ооруканадан, аны УКМКнын кызматкерлери күч менен соттук отурумга алып келишти. Ж.Молдокматов, менин адвокатым ден соолугун чындаганга дагы мүмкүнчүлук бербесеңер, мен анын ден соолугуна кам көрүп, психикалык кысымга кабылышын каалабай, адвокатыман баш тартууга барам. Адвокат К.Турдалиев: Ж.Молдокматов менден баш тартканына байланыштуу, сот отурумуна катыша албайм деп сот залынан чыгып кетти.  А.Бекназаров: жактоочум М.Сарымсаковдон баш тартам. Илгиз Сарылдык уулу мен жактоочум Б. Афтандилден баш тартам деп айыптаалучуларды мамлекеттик жактоочуу менен камсыз кылууга сот отурумунда саат 14:00 тыныгуу жарыяланды. Түштөн кийин А.Бусурманкулов, Ж.Молдокматов тартип бузгандыгы үчүн сот залынан чыгарылды. Андансоң А.Бекназаров, Т.Махмудов дагы сот залынан чыгарылды.  Сарылдык уулу Илгизге таандык күбөлөрдү угуу улантылды, сот отуруму  17:20 аяктады, иш 2024-жылдын 22-майына жылдырылды.
 
2024-жылдын 22-майында сот отуруму 11:15 башталды. Судья адвокат Э.Булекбаевдин адвокаттык лицензиясы туралуу Юстиция Министирлигинен келген катты жарыялап, Э.Булекбаев сот отурумуна катышууга мүмкүн эместигин жарыялады. Адвокат залдан чыгып кеткенсоң ишти улантып Сарылдык уулу Илгизге жана Бейшенбек уулу Атайга таандык күбөлөрдү укканга өттүк. Бейшенбек уулу Атайга карата Бишкек мэриясынын кызматкерлери көрсөтмө бергени келишти.  Ошол эле күнү КР Юстиция министирлиги Акин Токталиевдин дагы адвокаттык кызматты аркалаганга уруксат берген лицензияны токтотушту. Сот отуруму 16:40 аяктады, иш 2024-жылдын 23-майына жылдырылды.
 
2024-жылдын 23-майында сот  отуруму 11:17 башталды. Сот отурумуна А.Джакупбеков келген жок, ал тергөө изолятордо экенин билдирди. Судья ага карата жеке аныктама чыгарды. Т.Махмудов мага мамлекеттик жактоочу М.Сарымсаковду алмаштырып бергиле деп өтүнүч келтирди, аны тартипти буздуң ден эскертүү келтирип, анан сот залынан чыгарып салышты. Андан кийин А.Бусурманкуловду тартип буздуң деп сот залынан чыгарышты, андан кийин А.Бекназаровду дагы чыгарып салышты.  Бул сот отурумда Сарылдык уулу Илгизге жана Бейшенбек уулу Атайга таандык күбөлөр келиптир, ошолордун көрсөтмөлөрүн уктук. Отурум 16:29 аяктады, иш 2024-жылдын 28-майына жылдырылды.
 
2024-жылдын 28-майында  соттук отурум башталары менен Равшан Жээнбеков билдирүү жасады. Анын камерасында бир айдан бери камералаш болуп жүргөн бир баладан ачык формадагы тубуркулез менен ооруган бала болгонун айтып чыкты. СИЗОдогу баардык кемпирабатчыны тубуркулезго текшерип чыгууну талап кылды. Судья Р. Жээнбековдун арызын караган жок, тартипти буздуң деп сот залынан чыгартып салды. Мамлекеттик айыптоочунун күбөлөрүн сурап бүттүк, эми айыпталуучуларды сурайбыз деп, ишти кароо тартибиз бузду. Коргоочулар тарабынан белгиленген күбөлөрдү чакыртканга мүмкүнчүлүк берген жок. Күбөө болбогондуктан айыпталуучуларды сураганга өттүк, сот отуруму 2024-жылдын 29-майына жылдырылды.
 
2024-жылдын 29-майында айыпталуучуларды сурак башталды, бир күндө 4 адамды сурап жетишип атышты. Кийинки сот отуруму 2024-жылдын 30-майына калды.
 
2024-жылдын 3-майында айыпталуучуларды сурак улантылды, бир күндө 4 адамды суракка алып жетишип атыштат. Кийинки сот отуруму 2024-жылдын 35-июнуна калды.
2024-жылдын 5-июнунда   айыпталуучулардын суракгы уланды, бир күндө 4 адамды сурап жетишип атышты. Кийинки сот отуруму 2024-жылдын 6-июнуна калды. 
2024-жылдын 6-июнунда айыпталуучуларды суракка алуу уланды. Бул күнү Рита Карасартова суракка алынган. Бардык айыпталуучуларды суракка алып, чечим кабыл алууга убактысы жетишсиз экенин түшүнгөн судья, эми Жума күнү дагы, башкача айтканда, жумасына төрт күн иштей турганын жарыялады. Кийинки сот отуруму 2024-жылдын 7-июнуна калды.
2024-жылдын 7-июнунда түшкү тамактанууга чейин күбөлөрдү суракка алуу болду. Түшкү тамактан кийин жактоочулар айыпталуучулардын тарабынан күбөлөрдү чакыруу өтүнүчтөрүн бергиси келди. Судья Марат Сыдыков кошумча күбөлөрдү суракка алуу өтүнүчтөрүн четке кагып, кылмыш ишинин материалдарын карабай турганын жана жарыш сөзгө өтөрүн жарыялады. Прокурорлор өз сөздөрүн башташты. Алар аягына чыга электе эле, сот Дүйшөмбүгө белгиленди, демек, Кемпирабад иши эми жумасына беш күн, ар бир жуманын иш күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин каралат деп жарыялады.
2024-жылдын 10-июнунда сот түшкү тамакка чейин саат 11:00дө прокурорлор сүйлөп башташты. Судья иштин материалдары каралбай турганын жарыш сөз башталаарын жарыялады. Прокурорлор түшкү тамакка чейин сөз сүйлөп, баардык айыпталуучуларга (Бектур Асанов менен Кеңешбек Дүйшебаевден башкасына, анткени алардын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн) 20 жыл эркинен ажыратууну суранышты. Түшкү тамактан кийин айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөздөрүн сүйлөй башташты.
2024-жылдын 11-июнунда соттук териштирүү саат 10:40та башталган. Адвокаттар жарыш сөздөрүн сүйлөп жатышты.
2024-жылдын 12-июнунда соттук териштирүү саат 10:30да башталган. Жарышт сөз жүрүп жатат. Адвокаттар түшкүө чейин жарыш сөздөрүн сүйлөп аякташты, ал эми түшкү тамактан кийин жети айыпталуучу өз жарыш сөзүн сүйлөдү. Саат 18:30 болуп калгандыктан, судья сот отуруму кечки саат 20:00гө чейин улана турганын жарыялады. Көптөр нааразы боло башташты, судья эч ким жарыш сөздө сүйлөгөнгө даяр эмес болсоңор, айыпталуучуларга эртең акыркы сөздү угуларын айтты. Судья ошондой эле акыркы реплика айтуу сөздү өткөрүп жиберди.
2024-жылдын 13-июнунда соттук териштирүү судья айыпталуучуларга акыркы сөз берилерин жарыялоо кылды. Адвокаттар 25 айыпталуучунун жетиси кана жарыш сөзүн сүйлөгөнүн белгилөөгө аракет кылышты. Судья эч нерсени өзгөртпөй турганын айтып, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтууга өтүсүн белгиледи. Бул күнү 22 айыпталуучунун 14ү акыркы сөзүн сүйлөдү.
2024-жылдын 14-июнунда соттук териштирүү саат 9:00дө башталган. Саат 15:30га карата 8 айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин, судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кеткен. Саат 17:30да судья айыпталуучуларга АКТОО өкүмүн окуп берип, аларга реабилитация укугу бар экенин белгиледи. Ура!