Судьяларды ротациялоо маселеси жөнүндө (1-бөлүк).

добавлен 29 марта 2025 11:38
просмотров 300

 

 

Жогорку соттун төрагасынын судьяларды ротациялоо боюнча ыйгарым укуктары судьялардын көз карандысыздыгына олуттуу коркунуч келтирет. Мыйзам боюнча, Жогорку Соттун Төрагасы «Судьялардын статусу жөнүндө» Конституциялык Мыйзамда аныкталган учурларда которуу (ротациялоо) жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт жана Президентке жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) жөнүндө сунуштарды киргизет, деп турат.

“Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 26-беренесинде судьяларды которуунун (ротациялоонун) беш негизи каралган. Көпчүлүк негиздер боюнча которуулар судьянын макулдугу менен жүргүзүлсө да, бир нече маселелер судьялардын көз карандысыздыгына коркунуч жаратат. Тактап айтканда, 7 жылда бир милдеттүү ротация. Белгилүү убакыттан кийин соттордун мажбурлап которулушу, өзгөчө судьянын өзүнүн каалоосу эске алынбаса, басымдын бир түрү катары кабыл алынышы керек.

Которуу жөнүндө чечим акыры Жогорку Соттун Төрагасы тарабынан кабыл алынат жана Президенттин бекитүүсүнө киргизилет, бул сот бийлигинин көз карандысыздыгына саясий же административдик түзүмдөрдүн кийлигишүү коркунучун жаратат. Венеция комиссиясы бул практикадан баш тартууну чечкиндүү түрдө сунуштаган: “... сунуш кылынган 26(6)-берене көйгөйлүү болуп саналат, анткени ал чечимди кабыл алууда эки баскычтуу мамиле жаралат: бир баскычы мындай которууну сунуш кылган Жогорку Соттун Төрагасынын (Президент тарабынан дайындалган) чечими, ал эми экинчи баскычы, мындай сунушту Президент тарабынан ишке ашырылышы болуп саналат. Жогорку соттун төрагасы мыйзамда көрсөтүлгөн которууларды ишке ашырууда, судьялардын «ички көз карандысыздыгы» жөнүндө маселе көтөрүлүп калат, анткени алар жогору турган жетекчиликтин кысымына дуушар болушу мүмкүн. Мындай учурда судьяларды ротациялоо жөнүндө чечимди, идеалдуу түрдө соттордун өз алдынча башкаруу органы Соттор кеңешине өткөрүп берүү жана бул ыйгарым укуктарды Жогорку Соттун Төрагасынан алып салууну  сунуштайбыз”. 

2022-жылдын 30-апрелинде Жогорку Соттун сайтында 312 судьянын кеңири масштабдагы ротациясы тууралуу маалымат жарыяланган. Пресс-релизде, ротация Президенттин демилгеси менен Жогорку Соттун сунуштарынын негизинде ишке ашырылганы тууралуу айтылган. Ал жерде, ротация кызыкчылыктардын кагылышы, коррупция жана трайбализм менен күрөшүүгө багытталгандыгы белгиленген. Балким ротация кандай бир коюлган максатка жетүүнүн ыкмасы болушу мүмкүн, бирок процедуралык кепилдиктерге ылайык өттүбү, соттордун көз карандысыздыгынын принциптерин бузган жокпу, бул маанилүү. Жогорку Соттун расмий билдирүүсүндө ротацияга чейин судьяларды баалоо тартиби барбы же жокпу, ротация боюнча чечимдерди кабыл алууга судьялардын катышуусу болгонбу же жокпу, көрсөтүлгөн эмес. Процедура тууралуу кеңири маалыматтын жоктугу, коомчулукта анын объективдүүлүгүнө шектенүүлөрдү жараткан.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 30-апрелинде Президент 312 судьяны ротациялоо боюнча Жарлыкка кол коюп, Жогорку соттун өкүлү Ызати Шүгүралиева 10-майдан тарта жергиликтүү судьялар жаңы орундарда иштей баштаарын ММКлар аркылуу тастыктаган: «Жарлык чыгаары менен Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттордун кезектеги отурумунда, онлайн режиминде маалымат берди. Кайсы судьялар каякка которулганы тууралуу дагы айтты. 10-майдан тарта судьялар жөнөтүлгөн аймакта иштей башташы керектиги белгилеген. Демек, судьялар жаңы жумуш орду менен жарлыкка кол коюлгандан кийин таанышкан экенда. Ошондо ротация милдеттүү түрдө жүргүзүлгөнү ачыктан-ачык көрүнүп турбайбы.

Ушуга байланыштуу судьяларды ротациялоонун ыктыярдуу которуу сыяктуу принциптерин мыйзамдык жактан бекитүү зарыл; ачык-айкындуулук жана объективдүүлүк (алдыдагы ротацияларды ачык жарыялоо жана алардын негиздемеси, ротациянын так мөөнөттөрүн жана негиздерин белгилөө, ротациялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун, ошондой эле которуу үчүн судьяларды тандоо критерийлерин жарыялоо); кесиптик жетишкендиктерди жана жеке жагдайларды эске алуу (мисалы: үй-бүлөлүк абалы, ден соолук абалы же башка маанилүү факторлор); кесиптик жана аймактык адаптация (жаңы региондорго, өзгөчө жетүү кыйын же алыскы аймактарга которулган судьяларды колдоо боюнча кепилдик чаралары); ротацияны басымдын куралына айланууга жол бербөө жана  саясий кийлигишүүдөн көз карандысыздыкты кепилдөө зарыл.

Эгерде Жогорку соттун төрагасында судьяларды ротациялоо укугу калтырылса, судьялардын көз карандысыздыгына таасирин тийгизерин, өзгөчө сот бийлигинин позициясы менен макул болбогон судьялар үчүн жагымсыз шарттар түзүлөрүн көрүп турабыз.

P.S. Бүгүн 2025-жылдын 28-мартында КР Президентинин “КР жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө” жарлыгы чыкканы белгилүү болду. Ал жерде 2- соттук инстанциянын судьялары 1-соттук инстанцияга, а кээ бир 1-инстанциянын судьялары  2 -соттук инстанцияга которулганын көрдүк. Эмнеге мындай которуулар туура эместигин, макаланын экинчи бөлүгүндө айтып беребиз.