Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 19 июня 2017 16:56
просмотров 1091

 

 

      2017-жылдын 19-июнь күнү Баткен райондук сотуна байкоо жүргүзүлдү. Судьялардын каралуучу иштеринин тизмеси илинген. Судья  Р. Оморов көчмө  процессим бар деп, жеринен  танышуу үчүн чыгып баратыптыр.
       Байкоочу сот отурумуна судьянын уруксаты менен кирип, судья  А. Эгембердиеванын төрагалыгындагы  «алимент өндүрүү жөнүндө» жарандык ишке катышты. Сот отурумун судья өз кабинетинде өттү.  Саат 14:00го белгиленген сот отуруму 14:15те башталды, себеби судья кечигип келди. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады.  Доогер, жоопкер келгендиги анык болду.  Алардын укук милдеттери түшүндүрүлдү, ишти кароого ишеним көрсөтүлдү, өтүнүчтөр суралды. Соттук териштирүү  жүрүп, доогерге сөз берилди, ортодогу бала оорукчан, анын дарылануусуна айына 20минден 40минге  чейин акча кетет, ошондуктан 5000 сомдон  алимент төлөп турсун деп сурады. Андан кийин жоопкерге сөз берип анын оюн укту. ал башка үй-бүлөм бар 1000 сом өлчөмдө алимент төлөйм деп оюн билдирди. Судья аларды угуп, сурап бүтүп, чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөдө калат, чыгып турунуздар деди. Бир аздан кийин 2000 сом өлчөмдө алимент  төлөнсүн деп аныктама угузду