2017-жыл, 12-июнь Баткен облусунун Сулукту шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 13 июня 2017 16:35
просмотров 1195

 

 

            2017-жылдын 12-июнь куну Сулукту шаардык сотуна байкоо жургузулду. Сулукту шаардык сотунун торагасы Гуламидин уулу Элчибек окууга кеткен. Сот отурумдарынын белгиленген иштеринин тизмеси (расписание) илинген.
           2017-жылдын 12-июнунда саат 10:00 до судья Г. Эрматованын кароосунда “асырап алууну жокко чыгаруу” жонундо жарандык иш белгиленген. Сот отуруму сот залында отту жана оз убагында башталды. Байкоочу сот залына тоскоолдуксуз кирди. Судья сот отурумунда каралуучу ишти жарыялап, сот отурумуна катышуучуларды катчыдан сурады. Доогер Сулукту шаардык социалдык онугуу башкармалыгынын ишенимдуу окулу жана мамлекеттик айыптоочу келди, бирок жоопкер белгисиз себептер менен келбеди деп билдирди. Судья жоопкер келбегендиктен мамлекеттик айыптоочу менен доогердин оюн сурады. Доогер жоопкерди мажбур иретинде кийинки сот отурумуна алдырууну жана кошуналарын кубо катары чакыруу кат менен чакыртып, сот отурумуна катыштырып берууну отунуч келтирди. Андан кийин судья бул отунуч боюнча жашыруун болмого болунду. Бир аздан кийин, ЖПК КРнын 168-берене 8-б корсотулгондой жоопкер алынып келууго тийиш, отунуч толугу менен канааттандырылат, жоопкерди алып келуу Сулукту Ички иштер болумуно жуктолот деп токтомду угузду жана кийинки сот отуруму 22-июнь саат 10:00 го калтырылды.