Ысык-Кол облустук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 21 апреля 2017 12:00
просмотров 1198

 

 

 2017-жылдын 11-апрелинде Ысык-Кол областык сотуна байкоо жургузулду. Соттун имаратына кире бергенде  байкоочудан кароолчу кайдан келгендигин, ким экендигин сурап жатып киргизди. Жазык иштер боюнча коллегиясынын жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын соттук отурумдарынын тизмелери илинген,  ал эми жарандык иштер боюнча   соттук процесстердин  тизмеси  6- апрелден  бери жаныртылган эмес. Тизме боюнча   саат 10:00  экономикалык иш дайындалган. Байкоочу соттук отурумдар болуучу залга кирип озун угуучу катары тааныштырды. Катчы угуучулардын баардыгынын оздугун тастыктоочу документтерин сурап, тактады. Соттук иш башталаар убакта докладчик келип,  торагалык кылуучу семинарга кеткендигин, ал эми  учунчу судья, Шерипов Улан Тургунбаевич ооруп калгандыгын билдирип, ишти кароону саат 13:00 го жылдырып, элге ошол убакта келип беруусун суранды.