Талас облустук сотуна монитринг

добавлен 20 апреля 2017 13:46
просмотров 1175

 

 

Талас облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана административдик укук бузуулар жонундогу иштери боюнча соттук коллегиясынын апеляциалык ишине байкоо журду. Соттук коллегиянын курамы: төрага Ибраимов М. И., судялар Тункатаров О. А., Жумагулова Ж. Т..Учурдагы каралуучу иштердин тизмелери кордидордогу стендте илинген. 

2017- жылдын 19- апрелинде кылмыш жаза кодексинин 338- беренеси боюнча апеляциялык иште төмөндөгүлөр байкалган:

Соттук териштирүү саат 14:00  коюлган, бирок 14:40  соттук коллегия залга кирип сотук процесс башталды. Себеби 15 мүнөт соттолуучулар кечикти, 20 мүнөт соттук коллегия кечиккен.

Төрага биринчи эле катчыдан келгендер боюнча сурады. Катчынын докладынан кийин соттун катышуучуларынын фамилиясын айтып тактады. Төрага соттолуучулардан адвокатын сураганда алар адвокаты жол кырсыгына учураганына байланыштуу келе албастыгын айтып, адвокаты жок эле өздөрү жактоого чыгарын билдирди. Төрага соттолуучулардан адвокаты жок сотту кароосун суранган арызды жаздырды. Төрага Ибраимов М. И. сот отурумунун курамын тааныштырып, катышуучулардан сот курамына ишеним көргөзүүлөрүн сурады, баары ишеним көргөзүшөөрүн билдиришти. Андан кийин төрага катышуучулардан соттук териштирүүнүн алдында өтүнүчтөрүн сураганда, соттолуучулардын бири ишти териштирүүгө күбөлөрдү чакыртып берүүсүн өтүндү. Сот өтүнүчтү канаатандырып, күбө катары сунушталган жарандардын аты- жөнүн тактап протоколго жаздырды. Андан соң соттолуучулардын бири иш жөнүндө тынымсыз айтып жатты, төрага бир нече ирет кайра кайра тактап суроо берип жатты, бирок сөзгө экинчи соттолуучу аралышып ишти түшүндүрүшө албай төрагадан бир нече эскертүү алды. Төрага соттолуучуларды сот залындагы темир торго кирип бирден жооп берүүсүн  буйруп, териштирүүнү улантты. Жыйынтыгында төрага прокурорго тергөөчүнү кийинки процесске алдыртуусун буйруп соттук отурумду 2017- жылдын 12- майына жылдырды.