Баткен облустук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 16 февраля 2017 16:46
просмотров 995

 

 

2017- жылдын 16-февраль күнү Баткен облустук сотуна байкоо жүргүзүлдү.
            Баткен облустук сотунун имараты 2 кабаттан турат, айланасы тосулган. Бир короонун ичинде Баткен областык соту, Сот департаменти жана Баткен райондор аралык соту жайгашкан. Сот имаратына кирген учурда атайын аппарат кызматкерлери нөөмөткө туруп, келген жарандарды каттоодон өткөрүп турушат. Судьялар жардамчылары менен бир кабинетте отурушат, негизинен кабинет жетиштүү эле.


        Сот отурумдарын кароо тартиби бар:

1.      Шейшемби күнү кылмыш иштери;

2.      Шаршемби күнү жарандык иштер;

3.      Бейшемби күнү административдик-экономикалык иштер каралат. Ал эми дүйшөмбү күнү даярдануу күнү жана жума күнү жыйынтык чыгаруу күнү.          

      2017-жылдын 16-февралында 2 сот отурумуна байкоо жүргүзүлдү. Сот отурумунун тизмеси илинген. Сот коллегиясынын курамы: А.Ж.Тумөнов төрагалык кылуучу, судьялар У.М.Толубаева менен Б.А.Айжигитов тарабынын  апелляциялык тартипте У.Нурдиновдун иши каралды. Сот залына соттук коллегияга өзүмдү тааныштырып алардын уруксаты менен кирдим. Саат 10:00го белгиленген сот отуруму өз убагында башталды. Апелляциялык даттануу берген тарап келген жок, ошондой болсо деле соттук коллегия ишти карады жана соттук акт чыгарды. Документтердин толук эместигине байланыштуу, биринчи инстанцияда чыгарылган соттук чечим өзгөртүүсүз калтырылды.
         Андан кийин эле ушул күнү саат 10:00го белгиленген кассациялык тартипте экономикалык иш саат 10:30да башталды. Соттук коллегия  А.Ж.Тумөновдун төрагалыгында, судьялар У.М.Толубаева, Б.А.Айжигитов, кассациялык даттануу берген  А.Абсаттаров келген жок, экинчи тарап “Айыл банк”ААКмунун юристи А.Сапаров келди. Даттануучу башка күнгө калтыруу боюнча өтүнүч менен кайрылган, ал эми экинчи тарап ишти карап берүүсүнө өтүнүч келтирди. Соттук коллегия өз жайында кенешип, даттануучунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 20-февраль саат 11:00го калтыруу боюнча чечим кабыл алышты.