Нарын областынын Нарын шаардык соттунда байкоо жургузуу

добавлен 19 января 2017 15:55
просмотров 1181

 

 

2017- жылдын 11- январында  Нарын шаардык соттунда байкоо жүргүзүлдү. Байкоо учурунда айтылган сотто көп жанылануулар бар экенине күбөө болдук. Биринчиден шаардык соттун кире беришине турникет  коюулуп, кирип келе жаткан ар бир кишиден кароолчулар тосуп кимге? эмне жумуш менен? келе жаткандарын сурап киргизип калышыптыр. Бирок бул тосмо канчалык денгээлде соттордун коопсуздугуна кепилдик бере ала тургандыгы суроо бойдон кала берет, анткени тосмодон көп адамдар жумушум бар деп эле кирип жатышты. Видео камералар орнотулуп соттордун коопсуздугуна жакшы көнүл бурула баштаганына күбөө болдук.

 Андан кийинки жанылык Нарын шаардык сотунун курамы толугу менен жанырып жаны жаш соттордун ишке келишүүсү. Штат боюнча 3 сот каралган, азыркы учурда 3 сот  иштеп жатышат: Нарын шаардык соттун төрагасы Женишбек уулу Жолдошбек, судьялар  Джоробекова Айнагуль Мамаюнусовна, Сейдакмат кызы Назира.  Сот имараттынын ичинде жарандарга керектүү болгон көп маалыматтар илинген, жана ошондой эле сот отурумдарынын белгиленген иштеринин тизмеси (расписание) өз убактысы менен так көргөзүлгөн.