Эмне себептен Кыргызстанда мыйзамдулук орун албай жатат?

добавлен 23 августа 2012 14:26
просмотров 1119

 

 

 

Сот системасынын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Талас шаарынан Жусупбеков Жапар кайрылды.

Иштин мааңызы:  1992 жылы 1 май көчөсүндө жайгашкан № 26 магазинди Талас шаардындагы сошгуштун, эмгектин, куралдык күчтордүн ардагерлери үчүн бөлүнүп берилген (Постановление № 83-Р от 28.04.1992 г).

2002 жылга чейин бул имаратты ардагерлер пайдаланып турушкан.

Бирок 1998 жылы 29 октябрьнында мыйзамды бузуп бул имаратты  мүлк фондусунда иштеген К. Осмоналиев жана  К. Саякбаев бурмаланган документтер аркылу бир тууган келинине – Г. Жумалиевага сатып жиберишкен. Бул сатуу 1998 жылы болгон, бирок 2002 жылга чейин бул имарат сатылып кеткенин эч ким билген эмес, жана анын жаңы ээси бул имарат меники деп талашкан эмес. Бул имарат бышкан кирпичтен салынган деген курулуш экспертизаны бурмалам, чийки кирпичтен деп, баасын төмөндөөтүп 1800 сомго сатышкан. Ошол маалда курулуш экспертизанын чыгарган чечиминин негизинде бул имарат 53485 сом турчу.

Соттук териштирүүсү:

04.04.2006 ж. Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы К. Султанбеков бул ишти карап Талас областык мамлекетик мүлк фондусу тарабынан Г.Джумалиева наамына, 14.01.1999 ж. каттоо № 001535 сандуу Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазиндин имаратына карата берилген менчик укугу тууралуу күбөлүгү менен Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазинди сатуу алуу жөнүндөгү 1998 ж. 15 декабрында түзүлгөн № 5 келишим жокко чыгарылсын деп, Талас областынын ардагерлеринин доо арызы канаттандырылган.

16.01.2007 ж. Талас облустук сотунун соттук коллегиясы курамында: М.М.Кенжешов, А.М. Молдобаев, Ж.А.Узакбаев Талас областынын райондор аралык сотунун чечими алынып салынсын, жаны чечим кабыл алынсын, апелляциялык даттануу канаттандырылсын деп, чечим чыгарышат.

04.05.2007 ж. КР Жогорку сотунун соттук коллегиясы курамында: А.Дж.Мухаметжанов, А.Н.Альпиева жана Б.К. Аманалиева Талас облустук сотунун чечимин күчүндө калтырышат.

Ошентип Талас шаардын сошгуштун, эмгектин, куралдык күчтордүн ардагерлери өзүнүн мүлкүнөн ажырап калып Талас областык прокуратурага кайрылышат.

22.05.2009 ж. Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы Э.Барыктабасова Талас областык мамлекетик мүлк фондусу тарабынан Г.Джумалиева наамына, 14.01.1999 ж. каттоо № 001535 сандуу Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазиндин имаратына карата берилген менчик укугу тууралуу күбөлүгү менен Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазинди сатуу алуу жөнүндөгү 1998 ж 15 декабрында түзүлгөн № 5 келишим жоккоо чыгаруу жөнүндө доо арызы кайра кайтарылсын, деп аныктайт.

26.06.2009 ж. Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы Э.Барыктабасова Талас областык мамлекетик мүлк фондусу тарабынан Г.Джумалиева наамына, 14.01.1999 ж. каттоо № 001535 сандуу Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазиндин имаратына карата берилген менчик укугу тууралуу күбөлүгү менен Талас шаарындагы 1 Май көчөсүндөгү жайгашкан № 26 магазинди сатуу алуу жөнүндөгү 1998 ж. 15 декабрында түзүлгөн № 5 келишим жокко чыгаруу жөнүндө доо арызды канааттандырусуз калтырылсын деп, чечим чыгарды.

Айласы кеткенде Жусупбеков Ж. 1998 жылдын 29 октябрында сатык протоколун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берет.

19.05.2010 ж. Талас областынын райондор аралык сотунун судьясы А.Т. Бекмурзаев бул ишти карап Ж. Жусупбековдун арызын канааттандырусуз калтырылсын деп, чечти.

29.09.2010 ж. Чуй облустук сотунун соттук коллегиясы курамында: К.О. Джумашов, Д.С. Боронбаева жана Г.Д. Уметалиева апелляциялык арызды карап чыгып Талас областынын райондор аралык сотунун чечимин өзгөртүсүз калтырышат.

07.12.2011 ж. КР Жогорку сотунун соттук коллегиясы курамында: Н.П. Арапбаев, Н.А.Алыбаева жана К.Т.Осмоналиев Чуй облустук сотунун аныктамасы толугу менен бузулсун, иш кайра короого Чуй облустук сотуна жиберилсин деп, токтом кылат.

15.05.2012 ж. Чуй облустук сотунун соттук коллегиясы курамында: И.М.Айтбаева, Ш.А. Калыбаева жана С.С. Рустембекова бул ишти карап Талас областынын райондор аралык сотунун 19 май 2010 жылдагы чечими өзгөртүүсүз калтырылсын деп аныктама чыгарышат.

!!!Ошентип, он бир жылдан бери чыркырап чындык издеген Талас областынын согуштун, эмгектин, куралдык күчтөрдүн ардагерлери соттор менен салгылашып жүрүшөт. Качан соттор иштин маңызын карап чечим чыгара башташат? Мыйзам бузу аркылуу мүлктү сатып алса эмне үчүн буга соттор көз жумушат?

P.S. Cоттор Кыргызстанда оңолобу же көйгөйдүн баары мыйзамдардабы?

Система Orphus