Сотторду тандоонун экинчи туру аяктады (видео)

добавлен 11 августа 2012 12:31
просмотров 952

 

 

 

Бишкек, 9-август, 2012-жыл 72 талапкерден 67си 35тен жогору упай топтоп, үчүнчү айлампага катышууга укук алды. Эртең добуш берүү жолу аркылуу 67 талапкердин эң татыктуулары тандалат. 35 бош орун болгону менен, добуш берүү ыкмасында тандалгандардын саны ага жетпей калышы дагы ыктымал.

Кеңештин бул жолку тандоосу коомчулукта кызуу талкуланып, жарандык коомдун айрым өкүлдөрү тандоо акыйкат өтпөгөндүгүн билдирди.

Экинчи турга өткөндөрдүн арасынан төрт талапкер арыздарын кайтарып алып, дагы экөө 35 упай топтой албай калды. Жыйынтыгында эртеңки добушка салууга 67 талапкер катышат. Жарандык коомдун өкүлдөрү сынак жүргөн 12 күндүн ичинде талапкерлерди тандоодо айрым кемчиликтерге жол берилгендигин айтып чыкты.

Алар - талапкерлердин мүлкүн жана абалын текшерүүдө акыйкат тыянак чыкпаганын жана соттор тууралуу коомдук пикирлер менен даттануулар каралбагындыгын өзгөчө белгиледи.

Коомдук анализ институтунун директору Рита  Карасартова: "Бул жерде психологиялык суроолор да ар кандай берилип жатты. Тандоодон өтпөй калгандар аз болду. Алардын арасына көпчүлугү мурда сот тармагында иштеп, анча жакшы жыйынтык көрсөтө албагандар өтүп кетти".

Жарандык коомдун өкүлдөрү сот тармагындагы иштер ачык жана акыйкат жолго түшмөйүнчө, сотторго дайым мониториг жүргүзүп, алардын аткарган ишин иликтөөгө алаарын билдирет. Анткени талапкерлерди тандоодо кандай комиссия болбосун, баары бир баягы эле эски тааныш-билиш же коррупция деген адаттан арыла албай жатат.

Жарандык коомдук өкүлү Нурбек  Токтакунов: "Бизде, мисалы, кандайдыр бир партиядан болсо, ал да таасирин тийгизет. Кимдин жакшы таанышы болсо, ал да талапкердин сынактан өтүшүнө турткү болот. Качан өз алдынча көз карандысыз тандоо журөт?"

Бүгүн талапкерлерди тандоонун экинчи аялампасы аяктап, ар бир талапкер бир саатка жакын убакыт бою Кеңеш мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Сынактын жүрүшү сыртта отургандарга чагылдырылып, залда ар башка уюмдардын байкоочулары да отурду.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Канымбүү  Карабаева: "Биз бардыгын ачык жана таза өткөргөнгө аракет кылып жатабыз. Баары эле өткөн жок. Али жыйынтык айтууга эрте, добуш берүү турунда көптөр өтпөй калышы мүмкүн..."

Талапкерлердин арасында буга чейин сот тармагында иштеген белгилүү ысымдар да, мурдагы бийлик учурундагы аткаминерлердин жакындары да бар. Кечээ талапкер Гүлзар Суталинова сынакка кирээрде "Мекен шейиттери" уюмунун өкүлдөрү аны сынакка киргизбөөгө аракет кылды. Ага карабай, Суталинова 40,83 упай менен финалдык айлампага өттү. Бирок бүгүн кечке маал Сот тандоо кеңешине - Суталинова өз каалоосу менен талапкерлигин алып салгандыгы тууралуу арыз келип түштү. Эми үчүнчү, чечүүчү турда жеңип чыккандар президенттин жана парламенттин элегинен өтөт.

Источник: http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=9323

Система Orphus