Күбөлөр жетиштүү болболгондуктан сот отуруму башка күнгө калтырылды.

добавлен 13 июня 2022 13:03
просмотров 526

 

 

2022-жылдын 7-июнь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Нармырзаев Марклен Алтынбековичтин төрагалыгында “Аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү” боюнча сот отуруму болуп өттү. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Сот отуруму саат 10:45 белгиленип өз убагында башталды. Иштин жүрүшүндө күбө катары келгендер сот залына бирден чакырылып, аларга жалган маалымат берген учурда КРнын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкечилигине тартылышы судья тарабынан эскертилди.

Судья жогорудагы сот отурумунда күбөлөр толук болбогондуктан сот процессин башка күнгө жылдырууну сунуштаган учурда, тараптардын өкүлдөрүнөн бири мүмкүн болсо күбөлөр жетиштүү болбосо да сот отурумун улантууну суранды. Бирок судья мыйзамга ылайык эки же андан көп күбөлөр сот отурумуна катышпаган учурда сот отурумун улантуу мүмкүн эместигин билдирди. Ошентип ишти кайра кароо 2022-жылдын 15-июнь, саат 9:30га калтырылды.