Айыпталуучулар мурзолордун устундогу тосмо темирлерди уурдап сатканга аракет кылышкан

добавлен 31 января 2022 15:48
просмотров 405

 

 

2022-жылдын 31-январь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбековичтин төрагалыгында КРнын ЖКнин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча айыпталган А.С.У.га жана Ж.Ч.С., карата жазык иши  каралды.

Ишти кароо 13:00гө белгиленип, өз убагында башталды. Судья сот отурумун ачык деп жарыялап, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Сот отурумунун жүрүшүндө судья күбөлөрдү сыртка чыгып туруусун суранды.  Соттук териштүрүүгө өттү. Сөз мамлекеттик айыптоочууга берилип, ал айыптоо актысын окуп берди. Айыпталуучулар куноолорун толугу менен моюнуна алышты. Кезек күбөлөрдү сурак кылууга жетти. Ошол учурда күбөлөр киргенге чейин судья айыпталуучуларга карата  “Уялбайсыңарбы  мүрзөнүн үстүндөгү темирлерди уурдап, сатып акча иштегенден”,-деп оюн билдиргенге жетишти. Күбөлөр сурак кылынып, кылмыш иши боюнча суроолор берилди. Аларга туура көрсөтмө берүүлөрү эскертилип кол койдурулду. Күбөлөр суралып болгондон кийин жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү сурак кылынды. Күбө катары акыркы жолу чакырылган жаран судья берген суроолорго  сөздү айлантырып туура жооп берүүдөн качканга аракет жасады. Судья:“Мүрзөлөрдүн тосмолорун ушул күнгө чейин эмнеге орнотуп койгон жоксуңар?”-деп айыпталуучулардан сурады. Алар өздөрүнүн жоопторун беришти. Судья айыпталуучуларды сурак кылууга өттү. Айыпталуучулардын бири Ж.Ч.С., тосмолорду кантип уурдаганы боюнча айтып берди. Судья: Уурулукту кылып бетиңер кызарбай жатабы? Уурдадыңарбы? Эмне кылдыңар бул жерге келип? Периште сымал болосуңар! Уурдасаңар, уурдадык деп жооп бербейсиңерби?!”, -деп айтты. Айыпталуучу буга чейинки отурумда  “медициналык кызматта иштейм, жогорку билимдүүмүн” деп жалган маалымат берген. тарартардын жообун угуп, ишти кайра кароону 2022-жылдын 8-февраль саат 11:00гө калтырды.