Добуш сатып алуу боюнча соттук иш.

добавлен 28 января 2022 13:29
просмотров 503

 

 

2022-жылдын 26-январь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Истамкулов К. М. КР ЖКнын  эски редакциясынын 192-бер. ( жаңы редакциясын 196-бер.) менен айыпталган Ж. К. жана А. Д.дын жазык ишин саат 11:00гө белгилеген.

Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык,  деп катчыдан кимдер келгенин сурады.

Катчы сот отурумуна айыпталуучулардын адвокаттары, мамлекеттик айыптоочу жана күбө келгенин айтты.

Төрагалык кылуучу баардык процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун баштап, күбөнү трибунага чакырды.

Күбө - Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү окуя боюнча төмөндөгүдөй айтып кетти:

«КР Жогорку Кеңешине депуттык шайлоого болуп жаткан үгүт иштеринде «Альянс» саясий партиясы акча таратып жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Айыпталуучулар элдердин дообушун сатып алуу максатында партияга катталбай штаб башчысы болуп иштешкен. Кармалган учурда «Альянс» саясий партиясынын брошюра жана реклама кагаздары чыккан». Ага айыпталуучулардын адвокаттарынан төмөндөгүдөй суроо келип түштү: «Айыпталуучуларга тергөө учурунда физикалык жана моралдык жактан кыйноолор, басым жасоолор болду беле?  Далил катары айыпталуучулардын акча таратып жаткан жерин көргөн далилиңер барбы? Тергөөдө айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алдыбы?»- деп сурашты. Ага күбө төмөндөгүдөй жооп берди: «Тергөө учурунда эч кандай кыйноолор болгон эмес. Далил катары айыпталуучулардын жанынан брошюра жана  реклама кагаздары чыккан. Айыпталуучу Ж. К. беттештирүүдө эч кимди тааныбаймын деп күнөөсүн мойнуна алган эмес, ал эми А. Д. күнөөсүн мойнуна алган.» - деп жооп берди.

Айыпталуучу А. Д.нын адвокаты айыпталуучунун кичинекей баласы бар экендигине карабай бөгөт коюу чарасы катары  камакка алуу чечими кабыл алынгандыктан, үйүнө чейин барып моралдык басым жасалгандыктан айла жок күнөөсүн мойнуна алгандыгын айтып кетти.

Ага тергөөчү жооп бере алган жок. Тергөөчү сот залынан чыгып кетти.

Жарыш сөзгө чыгышты. Прокурор ЖКнын жаңы редакциясынын 196-бер. 1-б.менен айыптап, 1000 эсептик айып пул салууну суранды.

Түшкү убакыт болуп калгандыгына байланыштуу, айыпталуучу тараптын жарыш сөзү кийинки сот отурумуна калтырылды. Кийинки сот отуруму 2-февралга жылдырылды.