Жоопкер сот отурумуна дээрлик аяктап калганда кирип келди

добавлен 28 декабря 2021 13:22
просмотров 587

 

 

            2021-жылдын 23-декабрь күнү Кадамжай райондук сотунда Ажимуратов Улан Абдыкааровичтин төрагалыгында «Тартуулоо келишимин жана каттоосун жокко чыгаруу» боюнча сот отуруму болуп өттү. Судья сот отурумун ачык деп жарыялады, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Жогорудагы ишти кароо 11:00 гө белгиленип, бирок жоопкердин кечиккендигине байланыштуу саат 11:35 те башталды. Судья алдын ала сот жыйналышы ачык деп жарыялады. Сот отурумуна жоопкер келбегендиктен ага катчы бир канча жолу телефон чалды, ал  жооп берген жок. Жоопкер С.Т.Г., буга чейин да эки жолу процесске атайлап катышпаганын доогердин жактоочусу судьяга билдирди.

            Жоопкерди чакырууга мүмкүн болгон аракеттер жасалгандыктан, төрагалык кылуучу судья убакытты создуктурбай ишти кароону улантууну суранды.  Каршылыктар болгон эмес. Сөз доогердин ишенимдүү өкүлүнө берилип, ал тартуулоо келишими тууралуу маалымат берип өттү. Кезек күбөлөрдү сурак кылууга жетти. Кубөнүн өздүгү такталып, жалган маалымат берген учурда КР мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылышы эскертилип, кол койдурулду. Ага иш боюнча тактоочу суроолор берилди. Судья күбөлөрдү сурак кылууну аяктап, жазуу түрүндөгү далилдерге өтүүнү билдирди. Ошол кезде узак күтүлгөн жоопкер кирип келди. Ал келген учурда сот отуруму дээрлик аягына келип калган болчу. Ошондой болсо да судья ага эмне үчүн кечигип келгенин сурап, отурумга катышууга уруксат берди. Ал балдары менен алыс жолдон келгенче кечиккендигин жүйөө келтирди. Жоопкер иш боюнча бардык суроолорго жооп берип, тартуулоого берилген үйдөн баш тартууга эч кандай каршылыгы жоктугун жана бул ишти сотко чейин жеткирбей эле бүтүрсө болорун билдирди. Судья: “Анда эмнеге сотко чейин жеткирдиңер, өз алдынча туугандар чечишип алган жоксуңар?,-деп суроо берди. Жоопкер: “Мени кайненем менен жолугушума өтүп кеткен жолдошумдун эжеси жол бербей, мени ошол тартуулоого берилген үйгө киргизбей жатат. Мени күнөөм күйөөм каза болгондон кийин, турмушка чыкканым. Бирок андан эки балам бар ошоллордун урматы үчүн да кайненем менен жолугуп ачык маселени чече албай жатабыз. Кайненм 80 ден ашкан кемпир. Эжемдин максаты ошол үйдү өзүнө алуу. Мен ал үйгө муктаждыгым да жок.”,-деп жооп берди. Бирок доогердин жактоочусу жана күбөлөр жоопкерди буга чейин кайненсине жакшы камкордук кылбай, пенсиясын да кемпирге бербестен келин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келгендигин айтышты. Доогердин жактоочусу: “Ушул сөз туурабы?"-деп, сураганда жоопкер сөз таба албай калды.  Судья жоопкерди угуп: “Доо арыз менен макулсузбу?”- деп, сурады. Ал:“Макул эмесмин!”- деп, ачууланып жооп берди. Судья бардык тараптарды угуп, өтүнүчтөрдү эске алып, жарыш сөздү башка күнгө калтырууну жарыялап, кийинки сот отурумун 2021-жылдын 28-декабрь күнү 15:30 га калтырды.