Соттук коллегия чуулу ишти бир тараптуу карап жатабы?

добавлен 21 декабря 2021 15:41
просмотров 630

 

 

2021-жылдын 16-декабрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К., судьялар: Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР ЖКнын 130-беренеси менен айыпталган К. М. нын   кылмыш ишин караган. Сот отуруму 15:00гө дайындалып 20 мүнөткө кечигүү менен башталды. Анын себебин судьялар семинарда болушканын айтышты. Биз бул иш жонундо жазганбыз.

Соттук коллегия процессти ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады. Сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучунун адвокаты С. Н., айыпталуучу жана айыпталуучунун адвокаты менен жакындары келишкен. Торагалык кылуучу:«Өтүнүчтөр барбы?»,- деп сурады. Айыпталуучу К. М. өтүнүч келтирди. Ал буга чейинки үч баллистикалык экспертизанын корутундуларында суроо жараткан жана такталбаган көптөгөн жүйөлөр бар экендигин белгилеп, ал суроо жараткан нерселер маркумдун баш мээсинен табылган октун коргошундарынын көлөмү айыпталуучунун мылтыгынын огунун коргошундарынын көлөмүнө дал келбестиги, тергөөгө түшкөн беш мылтыктын ичинен бир эле айыпталуучунун гана мылтыгы экспертизага алынганын, анын арасында 12-16-калибрдагы мылтыктар боюнча экспертиза жүргүзүлбөй жашырылгандыгын айтып кайрадан комиссиялык экспертиза дайындоону суранды. Прокурор менен жабырлануучунун жактоочусу бул өтүнүчтү канаатандырууга негиз жок деп каршы болушту. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Кайра эле айыпталуучунун жактоочучу өтүнүч келтирди. Ал өтүнүчтө 2018-жылдын 17-18-ноябрь күндөрүнө ушул ишке тиешелүү күбөнүн сим карталарын распечатка кылып берүүсүнө уруксат сурады. Бул өтүнүчкө да прокурор менен жабырлануучу тарап каршы болушту. Соттук коллегия ордунан кеңешип өтүнүчтү канаатандырган жок. Кайра айыпталуучунун жактоочусу кийинки өтүнүчүн келтирди. Биринчи экспертизанын корутундусунда маркумдун баш мээсинен табылган коргошун сыяктуу заттын чоңдугунун көлөмү 09-08 мм көрсөтүлгөн, экинчи экспертизанын тыянагында 0,5 мм, үчүнчү экспертизанын корутундусунда 0,6-0,7 мм көрсөтүлгөн. Ушул себептен кайрадан комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнүч келтирди. Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө чыгып келип өтүнүчтү канааттандырган жок. Ал эми айыпталуучунун буга чейинки бир дагы өтүнүчүн соттук коллегия канаатандырбаганына байланыштуу соттук коллегиянын курамына толугу менен айыпталуучу ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок бул ишенбөөчүлүктү да соттук коллегия канаатандырган жок. Эмки процесс 17-декабрьга коюлган.