Мыйзамдын нормаларын сактабай басым жасаган соттук коллегия.

добавлен 02 декабря 2021 15:29
просмотров 605

 

 

2021-жылдын 30-ноябрь күнү Ош облустук  сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу Жобонов К. К., судьялар Кубатов А. Э. жана Закиров С. Ж. КР. ЖКнин 130-беренесинин 2-б. менен айыпталган К. М.нын соттук ишин  карады. Процессте коллегиянын процессуалдык нормаларды сактабай, мыйзамсыз кылган иш аракеттерине күбө болдук.

Белгилеп кетсек айыпталуучу К. М. Баткендеги прокурордун  өлүмү боюнча айыпталып,  өмүр бою эркинен ажыратылган жаран. Бул иш боюнча Азаттыктын иликтөөсү да бар. Сот отуруму жарым саатка кеч башталды.

Соттук коллегия сот отурумун ачык деп жарыялап, катчыдан келгендер жөнүндө сурады.

Сот отурумуна айыпталуучу К. М.ны абактан камсыз кылышкан. Андан сырткары мамлекеттик айыптоочу С. А. келген. Ал эми айыпталуучунун адвокаты ооруп жатканына байланыштуу келген эмес.

Соттук коллегия айыпталуучунун адвокаты сот отурумуна келбей жаткандыгына байланыштуу, ага мамлекет кепилдеген юридикалык жардам  (ГГЮП) аркылуу адвокат чакырышканын айтып, мамлекеттик айыптоочудан оюн сурады.

Мамлекеттик айыптоочу каршы эместигин айтып, тескерисинче ушул маселе боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтү кагаз түрүндө соттук коллегияга берди.

Айыпталуучу өтүнүчтүн көчүрмөсүн сурап, баарын окуп чыкты жана ал жерде мамлекеттик айыптоочу негиз кылган   КР ЖПКнын 51-беренесинин 4,5 - пунктарынын негиз кылганы, ушул ишке туура эмес жүйөө катары келтирилгенин белгилеп кетти. Ошол эле 51-бер. 1-бөлугундө айыпталуучунун макулдугу менен адвокат чакырыларын белгилеп, андан сырткары ЖПКнын 47-беренесин жана КР МКЮЖ боюнча мыйзамынын 8-беренесин  негиз кылды. Алар чакырган адвокатты айыпталуучу тааныбаганын жана бул иш менен адвокаттын тааныш эместигин айтып кетти. Ошондой эле өзүнүн жактоочусу бар экендигин жана аны күтүшүн айтты. Буга чейинки сот отурумунда жактоочунун кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кетип, сот имаратынан тез жардам алып кеткенин белгилеп, соттук коллегия өздөрү күбө болгонун да кошумчалады. Сот отурумун жылдырып турууну өтүндү. Ага карабастан соттук коллегия айыпталуучунун өтүнүчүн канааттандырбай, мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Андан сырткары өздөрү алып келген адвокат У. Т.тын ордернин сурап басым жасай башташты.

Айыпталуучу каршы болду жана келген адвокат ордерин берсе автоматтык түрдө анын адвокаты болуп калаарын жана мыйзам бузулушун айтты.

Соттук коллегия адвокат У. Т.га «Ордеринди бер», ал эми айыпталуучуга «Сен сүйлөбө, сага сөз бере элекбиз»- деп басым жасай баштады.

Адвокат У. Т. айыпталуучу каршы болсо,  мыйзамсыз болуп калаарын билдирип,  баш тартуусун айты, ага карабастан соттук коллегия «Ордеринди бер» -деп басым жасоону улантты.

Соттук коллегия сот залында байкоочулар бар экендигин билгендиктенби же процессуалдык нормаларды бузуп, адам укугу тебеленип жатканын сезгендиктенби басым жасагандарын токтотушуп, сот отурумун эртеңки күнгө жылдырды.

P.S. Мындай көрүнүш биздин азыркы кээ бир соттордун ачык жүзү десек болот. Алар сот залында байкоочулар турса да процессуалдык нормаларды сактабай жатышат. Ал эми алар жокто адамдын тагдырын чечүү оңой эле болуп калгандай.