Кадамжай райондук сотунда жумуш графиги алгачкы жолу жаныланбай калган

добавлен 10 ноября 2021 16:15
просмотров 692

 

 

2021-жылдын 21-октябрь күнү Кадамжай райондук сотунда биздин Баткен облусундагы байкоочубуз мониторинг жүргүзгөн. Байкоочу барган учурда жумуш графиги жаңыланбагандыгын көргөн. Жумуш графигинде 2021-жылдын 21-октябрь күнү түшкө чейин бир сот отуруму жана түштөн кийин бир сот отуруму көрсөтүлгөн. Бул жагдай боюнча биздин байкоочу катчыга кайрылганда ал жумуштары көп болгондуктан унутуп калгандыгын айтып ошол замат жумуш графигин жаңылаган. Байкоочу да бул унутулушу мүмкүн болбогон жумуш экендигин, жарандар, судьялар ушул жумуш графиги боюнча отурумдар тууралуу маалымат алышы мүмкүн экендигин түшүнтүргөнгө аракет кылган. Катчы келтирилген кемчиликти туура кабыл алып, мындан ары жумуш графиктери өз убагында илинет деп убада берген.

P. S.:Байкоочу: “Бул жагдай тууралуу айтсам, мен 2021-жылдын 21-октябрь күнү Кадамжай райондук сотунун имаратына кирип, жумушчу графигине көз чаптырдым жана ал жаңыланбагандыгын дароо эле түшүндүм. 9 айлык мониторингте биринчи жолу Кадамжай райондук сотунда жумушчу графиги жаңыланбагандыгына күбө болдум. Бул тууралуу катчыга жана судьяга кайрылганымда алар бул катачылыкты моюндарына алышкан. Байкоочуга карата эч кандай кемсинтүү же басмырлоо аракеттери болгон эмес.”