Сот отуруму бир саатка кеч башталып, андан сон кийинкиге калтырылды

добавлен 28 октября 2021 09:34
просмотров 573

 

 

25 - октябрь куну  Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу судья Абдылдаев А. Ж. жана судьялар: Кубатов А. Э., Исажанов К. С. КРнын ЖКнын 130-бер. 2-б., 206-бер. 2-б., 210-бер. 2-б, 131-бер. 172-беренелери менен айыпталышкан Э. И. Н., М. у. А., А. у. Ш., М. Ш. И.лердин жазык иши саат 10:00 дайындалган.

Сот отуруму 1 саатка кечигүү менен башталды. Сот отуруму ачык деп жарыяланып, бирок процессуалдык нормалар толугу менен сакталган жок.

Катчы келгендер жөнүндө маалымат берди, сот отурумуна айыпталуучу  А. у Ш., М. Ш. И. жана алардын жактоочулары,  мамлекеттик айыптоочу келишкенин айтты. Ал эми  Э. И. Н., М. у. А. камсыз болгон жок. Соттук коллегия №53 СИЗОдон ар жуманын шаршемби күнү конвой менен камсыз кылынуусун белгилеп, сот отурумун 3-ноябрь күнгө жылдырышты.