Ажырашууга каршы болгон аял уч баласы менен ара жолдо калды

добавлен 26 октября 2021 14:47
просмотров 540

 

 

2021-жылдын 21-октябрь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич төрагалыгында “Нике күбөлүгүн бузуу” боюнча жарандык иши каралды. Сот отуруму саат 13:00 гө белгиленип өз убагында башталды. Судья отурумду ачык деп жарыялап, катчы келген тараптар тууралуу маалымат берди. Сот отурумунда төрагалык кылуучу Абдисаматов Г. А. бул иш боюнча эки тарапка тең жарашып алуу үчүн бир ай мөөнөт бергенин аларга эскертти. Жоопкер  А.С.Ж., атуу аял ажырашууга каршы экенин, ортодо үч баласы да бар экенин кошумчалады. Аялдын айтымында ажырашууга анын жолдошу М.С.К, өзү кызыкдар экендиги жана ал бүгүнкү күндө биринчи никеси мыйзамдуу турдө жокко чыгарылбай туруп, башка аялга үйлөнүп да алганы отурумда ачыкталды. Доогердин өкүлөнө сот тарабынан сөз берилген учурда ажырашуу чечимин канаатандырып берүүнү өтүндү. Сот жарыш созго өтүү үчүн тараптардан карышылктар жокпу деп сураганда тараптар каршылык билдирген эмес. Жарыш сөз берилген учурда жоопкер тарап учурда жолдошу менен бирге жашабай жатканына байланыштуу анын эсебиндеги жерди үч баласы үчүн ажыратып берүүсүн судьядан өтүндү. Төрага тараптарды угуп, келтирилген документтерди карап чыгып, кенешүү бөлмөсүнө өттү.Судья кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып келип чечимди окууду. Буга чейин тараптарга жарашуу үчүн бир ай убакыт берилгендигине карабастан алар жарашпагандыгына байланыштуу юридикалык никени бузуу канаатандырылсын деп сот тарабынан чечим кабыл алынды. Сот отуруму жабык деп жарыяланды.