Социалдык коргоо башкармалыгынын окулу сот отурумуна ишеним каты жок келген

добавлен 25 октября 2021 12:49
просмотров 575

 

 

2021-жылдын 21-октябрь куну Кадамжай райондук сотунда судья Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич төрагалыгында «Аталык укугунан ажыратуу» боюнча жарандык иш каралды. Ишти кароо 10:30 га белгиленип, бирок прокурор кечигип келгенине байланыштуу саат 11:30 да башталды. Судья отурумду ачык деп жарыялады, катчы келген тараптар менен таныштырды.  Ошондой эле отурумга жоопкер келген эмес. Судья соттук териштирүү журуп жатканы боюнча токтолуп, документтер менен танышууга өттү. Отурумда төрагалык кылуучу судья, жоопкер өзү келбеген учурда анын туугандарынан бири келиши керектигин тараптарга уктурду. Каралып жаткан иш боюнча социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлүнүн ишеним каты жоктугуна байланыштуу  судьядан отурумду башка кунгө жылдырууну суранды. Торагалык кылуучу ага жооп иретинде кийинки отурумда кат менен келүүсүн жана отурумду негизсиз создуктуруа бербөөсүн эскертти. Ишти кайрадан кароо 2021-жылдын 2-ноябры, саат 10:30 га калтырды. Отурум жабык деп жарыяланды.