Баткен облустук сотунда кезектеги сот отуруму да тараптар келбегендигине байланыштуу калтырылды

добавлен 21 октября 2021 18:14
просмотров 830

 

 

2021-жылдын 19-октябрь күнү Баткен облустук сотунда сот отуруму өтүп, соттук коллегия курамында: төрагалык кылуучу Нарынбаев Т. П., судьялар Адамбаев З.М., Пазылов М.М., тарабынан КР КЖКнын 304, 171-беренелери менен козголгон кылмыш ишти кароого киришти. Сот отуруму ачыкталып, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Ишти кароо саат 10:45 ке белгиленип өз убагында башталды. Аудио жана видео фиксация жүрүп жатканы да маалымдалды. Иштин мазмуну  “кызмат абалына кыянаттык менен пайдалангандык” боюнча”. Отурумга жактоочу да айыпталуучу да келген эмес. Ошентип отурумду кайра кароо 2021-жылдын 26-октябрь саат 14:00 гө калтырылды.