Чыгарылган окум менен макул эмес айыпталуучу.

добавлен 20 сентября 2021 09:51
просмотров 566

 

 

2021-жылдын 14-сентябрь күнү Ош облустук сотунда жазык иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу судья Жобонов К. К. жана судьялар: Закиров С. Ж., Жунусов З. Т. КРнын ЖКнин 178-беренеси менен айыпталган Ж. Ш.га карата буга чейинки чыгарылган сот өкүмүнө келтирилген аппеляциялык арызын карады. Ишти кароо саат 14.00гө дайындалган, бирок 50 мунотко кечигүү менен башталды. Төрагалык кылуучу судья Жобонов К.К. сот отурумун ачык деп жарыялап,  бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен сот отурумун улантты.

Катчы келген тараптар жөнүндө маалымат берди. Сот отурумуна айыпталуучу, анын адвокаты жана мамлекеттик айыптоочу келишти. Соттук коллегия айыпталуучунун өздүгүн тактап, анын укук-милдеттерин түшүндүрдү. Бул иш боюнча айыпталуучу Ж. Ш. уч жылга эркинен 178-бер. менен ажыраган, бирок пробация колдонулуп жаза өтүүдөн бошотулган. Ошол өкүмгө айыпталуучу тарабынан аппеляциялык даттануусу келтирилип, жогоруда айтылганган өкүмдү толугу менен бузуп, актап берүүсүн суранды.

Соттук коллегия айыпталуучудан күнөөсүн сурады. Буга айыпталуучу күнөөсү жок экенин айтты. Ал эми мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албаса күбөлөрдү чакырыш керектигин айтты. Соттук коллегия мамлекеттик айыптоочунун айтканын колдоп сот отурумун 23-сентябрьга  жылдырды.