Наркотикалык заттарды пайдалануу жана сатууда айыпталган жаран соттон адилет чечим чыгарууну суранды

добавлен 16 сентября 2021 13:06
просмотров 626

 

 

         2021-жылдын 13-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Иляз Курманбекович судьялыгында КР КЖКнын 267-беренеси 3- бөлүгү боюнча кылмыш ишин карады. Сот отурумду ачык деп жарыялады, катчы келгендер менен тааныштырды. Ишти кароо саат 16:00гө өз убагында башталды. Отурумда болгок байкоочуга карата эч кандай басым өткөрүлгөн эмес. Судья айыпталуучуну буга чейин сурак кылынганы боюнча токтолуп, жарыш сөзүнө өттү. Жарыш сөздө судья прокурорго сөз берди. Сот отурумда кылмышкер психотроптук жана наркотикалык заттарды  пайдалануу, сатуу менен алектенип жүргөнү маалым болду. Бул боюнча прокурор кылмыш иши боюнча сүйлөп жатып  билдирди. Мамлекеттик айыптоочу ошондой эле айыпталуучуну кылмыш жоопкерчилигине тартып, кошумча айып пул салууну суранды. Кийин айыпталуучунун жактоочусуна сөз берилип иш боюнча сотко түшүндүрмө берди жана өтүнүчүн билдирди. Судья тараптардын пикирин угуп айыпталуучудан прокурордун жана жактоочунун айткандары боюнча пикирин сурады. Айыпталуучу Н.С.М., ага жүктөлүп жаткан кылмыш боюнча күнөөсү жок экендигин, жактоочунун айткандарын эске алып ага ырайым кылуусун суранды. Сот айыпталуучунун акыркы сөзүн угууну 2021-жылдын 14-сентябры  саат 13:00гө калтырды.